www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-январда Бишкекте Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапары уланууда.

Мамлекеттик сапардын экинчи күнү эки лидердин расмий жолугушуусу менен башталат.

Андан ары мамлекет башчылары тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн маселелеринин кеңири топтомун, ошондой эле достук, боордоштук жана ынак коңшулук маанайдагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат.

Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда, андан соң Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев маалымат каражаттарга билдирүү жасашат.

Мамлекеттик сапардын иш-чаралары УТРК, республикалык жана облустук телеканалдарда, социалдык тармактардагы баракчаларында түз алып көрсөтүлөт.

Түз эфир  11:00дө башталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости