www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 28-апрелде Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмеси жыйынтыкталды.
Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын алдында уюмдун коргоо ведомстволорунун жетекчилери Жеңиш аянтындагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын эскерүү мемориалдык комплексиндеги Өчпөс отко гүлчамбар коюп, баатырларды бир мүнөттүк унчукпоо менен эскеришти.
Андан соң министрлер жана расмий делегация мүчөлөрү мамлекеттик резиденцияга келип, Кыргызстандын президенти – Куралдуу Күчтөрдүн башкы кол башчысы Садыр Жапаров менен жолугушууга катышты.
Ошондой эле Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбетовдун жетекчилиги астында ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмеси өттү. Мукамбетов бул кеңешме уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгында өтүп жатканын белгиледи.
«Биз бул этапты “ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өнүгүүгө бирге” деген ураан алдында өткөрүп жатабыз. Бул сөздөрдүн артында чыныгы биримдикке жана прогресске болгон умтулуубуз жатат. Заманбап шарттарда биздин уюм аймактык туруктуулуктун ишенимдүү кепилдиги катары чыгууда. Ошону менен бирге коргоо чөйрөсүндөгү негизги артыкчылыктарыбыз — өз ара ишенимди чыңдоо жана аскердик тармакта ачыктыкты камсыз кылуу бойдон кала берет. Биз ачык диалог жана аракеттердин алдын ала болжолдуулугу аркылуу гана тынчтыкты сактап, элдерибиздин коопсуздугун алдыдагы ондогон жылдарга камсыз кыла аларыбызга ишенебиз», - деди ал.