www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин тургунунун үйүнөн баасы 220 миң долларлык дээрлик 15 кг героин табылып алынды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 29-декабрда Бишкектеги жаңы конуштардын биринде, 21 жаштагы А.О. аттуу жарандын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, 15 баштыкка салынган порошок түрүндөгү зат табылган. Анын салмагы 14 кг 950 граммды түзгөн.

Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгы көрсөткөндөй, табылган зат героин болуп чыккан.

Баңгизаттын баасы 220 миң долларды түзөт.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш кодексинин 282-беренеси боюнча (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) кылмыш иши козголгон.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда аталган ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктап, кармоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости