www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициянын кайгуул кызматкерлери жасалма номер менен жүргөн айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

6-март күнү милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 22:20 чамасында Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Toyota Camry үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Кызматкерлер керектүү документтерин текшерүү учурунда 1998-жылы туулган А.А. аттуу айдоочу унаасынын мамлекеттик номерин атайын жасалма номерге алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган. Ошол эле учурда айдоочулук күбөлүгү да жок болгон.

Бул факты боюнча унаа убактылуу айып короого токтотулуп, жол эрежесин бузгандыгы жана айдоочулук күбөлүгү жок болгондугу үчүн 2 протокол түзүлгөн. Ал эми жасалма номер менен жүргөндүгү үчүн айдоочу Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости