www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кинорежиссёр Михаил Дудников 75 жашында жол кырсыктан улам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда журналист Елена Баялинова социалдык тармактар аркылуу билдирген.
"29-июнда Дудников жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жатканда, унаа сүзүп кеткен", - деп айтылат маалыматта.
Патрулдук милициянын басма сөз кызматы жогорудагы маалыматты тастыктап, айрым жагдайлар боюнча маалымат берди.
Михаил Дудников колунда микрофон кармап турат.
"Жол кырсыгы саат 16:40тар чамасында Жибек Жолу проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинде болгон. Айдоочу Hyundai Santa Fe үлгүсүндөгү унааны айдап бара жатып, жөө адамдар өтүүчү жерден Дудниковду сүзүп кеткен. Ал алган жаракатынан улам каза болгон. Автоунаа айып аянтчасына токтотулду. Тергөөнүн алкагында бир катар экспертизалар дайындалды", - делет анда.
Дудников Михаил Иванович 1948-жылы туулган. Маркум кинорежиссёр "Взлет Калии Токтогуловой", "Урок на завтра", "Пришелец", "Кому сеять завтра?", "Экскурсия" жана башка фильмдердин негизинде тартылган даректүү тасмалар күйөрмандарынын эсинде калды.
Булак: NazarNews.kg