www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте 44 жаштагы жаран жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка барган деп айыпталып жатат.
27-февралда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына аял киши арыз менен кайрылган. Анын айтымында, борбор калаадагы ЖОЖдордун биринде мугалим болуп иштеген жаран 2022-жылдын сентябрынан бүгүнкү күнгө чейин күйөөсүнүн 2006-жылы туулган карындашы менен жыныстык катнашта болгон. Арыз ээси белгилегендей, акыркы жолу жашы жете элек кыз менен анын эркине каршы Орто-Сай айылында жыныстык катнашта болгон.
Бул факты каттоого алынып, анын алкагында тергөөгө чейинки текшерүү дайындалып, бардык керектүү экспертизалар дайындалган.
Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1978-жылы туулган жаран аныкталган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында бардык адамдар суракка алынып, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 160-беренеси боюнча иш материалдары Аламүдүн РИИБге жөнөтүлгөн.
Булак: NazarNews kg