www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги Ботаникалык бакта аял кишини сөккөн адам кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 25-майда соцтармактарга видео тарап, андан славян түспөлүндөгү эркек киши видеонун авторун (аял кишини) богооздонуп, сөгүп жатканын көрүүгө болот. Окуя Бишкектин Ахунбаев көчөсүндөгү Ботаникалык бакта болгон.

Бул факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Учурда шектүү катары 32 жаштагы Б.Р. аттуу жаран кармалып, райондук милициянын Тергөө кызматына жеткирилген.

Иликтөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости