www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
19-октябрда күндүз Бишкектеги Ботаникалык бакта аял кишинин жансыз денеси табылды. Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, ал жерге 3-шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери барып, окуянын чоо-жайын тактады.
Бул факт каттооого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Маркум 30 жаштагы М.М. экени, үй-бүлөлүү экени такталган.
Маркум келиндин күйөөсү А.У. укук коргоо органдарына билдирген маалымат боюнча, жубайы экөө 16-октябрда чырдашкан. Буга жубайынын кызганычы себеп болгон. Жолдошунун айтымында, экөө элдешкен. 18-октябрда саат 15:00 чамасында жубайы үйүнөн чыгып кетип, андан кийин байланышка чыккан эмес. Андан улам күйөөсү аны издей баштаган.
Булак: NazarNews.kg