www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Жогорку соту Рудаки районунун сегиз жаштагы тургуну Руфейда Иноятованын өлүмү боюнча ишти карап бүтүп, 19-октябрда өкүм чыгарды. Маркум кыздын ата-энеси "Озоди" радиосуна 30 жаштагы айыпталуучу Рахматулло Гадоев өмүр үнүн аягына чейин эркинен ажыратылганын билдирди. "Биз сот өкүмү менен толук макулбуз. Башынан эле анын өмүр бою соттолушун талап кылып келгенбиз", - деди кыздын атасы Валижон Иноятов.

Азырынча бул боюнча Жогорку сот расмий түрдө кабар бере элек. Бул иш боюнча сот отурумдары жабык өткөн.

8 жашар Руфейда Иноятова быйыл 4-июлда Рудаки районунун Навобод айылында өлтүрүлгөн. Жакындарынын айтымында, ал чоң апасынын үйүнөн 20-30 метр аралыкта жайгашкан ажатканага чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Кийинки күнү укук коргоо органдарынын кызматкерлери анын жиликтенген сөөгүн тапкан. Мыкаачылык менен киши өлтүрүүгө шектүү катары үй-бүлөнүн 30 жаштагы коңшусу Рахматулло Гадоев кармалган. Соттук териштирүүлөр маалында анын адвокаттары жана туугандары менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон эмес.

Руфейданын өлүмү ири коомдук резонанс жараткан. Тажикстандын жарандык коом өкүлдөрү жогорку бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдоп, балдарга зомбулук көрсөтүүнү глобалдык маселе катары атаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости