www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги тигүү цехтеринин жарымынан көбүнүн таштанды чыгаруу боюнча келишими жок. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
“Тазалык” ишканасынан билдиргендей, шаарда 896 тигүү цехи бар болсо, 384 ишкана менен гана таштанды чыгаруу боюнча келишим түзүлгөн.
Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында өткөн жыйында тигүү тармагынын ишмердүүлүгүнөн пайда болгон таштандыларды чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу маселеси каралды. Мэр вице-мэрлерге жана шаардык кызматтарга бир жуманын ичинде көйгөйдү чечүү боюнча сунуштарды берүүнү тапшырды.
Булак: NazarNews.kg