www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы курулуш объектисинде курулуш ченемдеринин талаптары сакталбагандыгы аныкталып, курулуш иштерин жүргүзгөн компанияга 200 миң сом айып пул салынды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жарандардын кайрылуусунун негизинде Фрунзе көчөсү, 176 дарегинде курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайга текшерүү жүргүзгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш ченемдеринин талаптары сакталбаганы жана курулуш калдыктары коңшу аймакка түшүп, жарандардын коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн болгон жагдайлар аныкталган.

Мыйзам бузуулар боюнча курулуш иштерин жүргүзгөн «Бийком» ЖЧКсына тиешелүү акт түзүлүп, мыйзам талаптарына ылайык 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Мындан тышкары, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жана коопсуздук талаптарын камсыз кылуу боюнча белгиленген мөөнөттө тиешелүү чараларды көрүү тапшырылган.

Последние новости