www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги кампалардын биринде эркектер арасында мушташ чыккан.

Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, топтук мушташ фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Милицияга 26-август саат 01:08де Шабдан баатыр көчөсүндө жайгашкан «Жаңы кампалардын» аймагында мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Арыздануучу У.Н.нын айтымында, бир топ адамдар анын уулуна жана жолдошуна кол салышкан.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерден мушташка катышкан адамдарды аныктап, милиция бөлүмүнө жеткиришкен.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Последние новости