www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров «Түндүк» ачык акционердик коомунун айрым маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, «Түндүк» ААКты жоюу жана анын функцияларын, милдеттерин, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарын, ошондой эле материалдык эмес активдерин Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесине өткөрүп берүү сунушталды.

Ошондой эле «Түндүк» ААКтын кызматкерлерин функционалдык талдоонун жана уюштуруу түзүмүн оптималдаштыруунун жыйынтыгында «Кызмат» мамлекеттик мекемесине ишке орноштуруу боюнча чаралар көрүлөт.

Расмий түшүндүрмөгө ылайык, мындай чечим мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин маалыматтык системаларын иштеп чыгуу, модернизациялоо жана техникалык жактан коштоо боюнча айрым функциялардын «Түндүк» ААК жана «Кызмат» ММ тарабынан бир учурда аткарылып жатканына байланыштуу кабыл алынган.

Функцияларды бир түзүмгө бириктирүү кайталанган иштерди жоюуга, мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жана санариптик системаларды башкарууну жакшыртууга багытталган.

«Түндүк» платформасы жана мобилдик тиркеме ишин улантат. Расмий маалыматта жарандар «Түндүк» платформасынын жана мобилдик тиркемесинин ишинде өзгөрүү күтпөшү керектиги белгиленди. Андагы кызматтар толук көлөмдө көрсөтүлө берет.

Жарлыкта ошондой эле Президенттин 2025-жылдын 17-мартындагы №91 «Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди.

Жарлык 2026-жылдын 26-августунда №299 болуп кабыл алынган.

Последние новости