www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте сабалгандан кийин көз жумган окуучунун иши боюнча кармалган шектүү эки айга камалды. Бул тууралуу Свердлов райондук сотунан кабарлашты.
Маалыматка караганда, сот тергөөчүнүн 11-апрелге чейин камакта калтыруу өтүнүчүн канааттандырган.
Эске салсак, 21-январда Бишкек шаарындагы №72 мектептин 9-классынын Т.И. аттуу окуучусу өзүнөн төмөнкү класста окуган баладан акча талап кылып, окуу жайдын ажатканасында токмоктогону айтылган.
Бул боюнча "Ден соолукка оор залал келтирүү" жана "Опузалоо" беренелери менен иш козголуп, шектүү 15-февралда кармалган.