www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын 6-кичи районунда, Юнусалиев жана Шопен көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан коомдук пиццерия тамактануучу жайы демонтаждалууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Бул объект суу коргоо аймагында жайгашкандыктан, мурда түзүлгөн ижара келишими жокко чыгарылган. Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан объекттин ээсине муниципалдык аймакты бошотуу талабы менен кат жөнөтүлгөн.
Натыйжада объекттин ээлери курулушту ыктыярдуу түрдө демонтаждоо чечимин кабыл алышкан. Учурда конструкцияны бузуу жана аймакты бошотуу иштери жүргүзүлүүдө.