www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элдик кошуундун мүчөлөрү бир нече объектилерди кол салуудан сактап калды. Алар бири-бирине жардам берип багыттап жатышат.

1500 ашык адам элдик кошуундун тобуна жазылды. Бул тууралуу Бишкектеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча түзүлгөн Координациялык кеңештен билдиришти.

Аталган кеңештин төрагасы Мирлан Бекитаев элдик кошуун, демилгелүү топтор, жарандык активисттер, жаштар уюмдары менен биргеликте коомдук тартипти сактап, мародерлукка жол бербөө үчүн шаардыктарга кайрылуу жасады.

"Бишкек шаарынын жарандарын жана активисттерин провокацияга алдырбоого чакырабыз. Учурда шаарда 1500ден ашык элдик кошуундун күчү менен максималдуу түрдө тартип сактоо аракети жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Координациялык кеңеш көңүл кош карабаган жарандарды Бишкекти коргоодо күчтү бириктирүүгө чакырды. Ошондой эле түрдүү фейктерге ишенбөөнү суранышты.

"Шаар Бишкек мэриясы менен автивисттердин көзөмөлүндө. Биз саат сайын такталган маалыматтарды берип турабыз", — дешти кеңештен.

Тилек Усупов Бишкек шаары боюнча элдик кошуундун координатору болуп дайындалды.

Сурап билүү телефону: 0999252525

Булак: "sputnik.kg"

Последние новости