www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ митингчилер Ак үйдү басып алгандан кийин күн бою "Ала-Тоо" аянтында жүрүп, түнкү саат 12лерге жакын кетишкен.
Бишкек шаарында топтошкон балдар "Нават" чайханасын талкалоого аракет кылышты. Бул туурасында "Короче" Telagram-каналына жазылды.
Кийинчерээк социалдык тармактарда элдик кошуун VEFA соода борбору менен "Нават" кафесине чабуул жасагандарды артка кайтарганын жазышууда. Ал эми кадрдан кафенин терезесин талкалап жатышканын көрүүгө болот.
Эске салсак, 5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон сегиз партия "Ала-Тоо" аянтына митингге чыккан. Кечке жуук чогулгандардын саны көбөйүп, таңга маал митингчилер Ак үйдү алышты. Көп өтпөй акция катышуучулары УКМКнын имаратын басып кирип, бир нече саат ичинде абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, саясатчылар Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков, эртеси түштө Фарид Ниязов жана Бишкектин экс-мэри Албек Ибрагимов чыгарылган.
Булак: "sputnik.kg"