www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын айрым аймактарында 22-октябрдан тарта 26-октябрга чейин жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Элди газ менен камсыз кылууну үзгүлтүккө учуратпоо максатындагы оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат, деп билдирди «Газпром Кыргызстан».

Газ өчүрүлө турган аймактар:

- 22-23-октябрда Бишкек шаарынын Кийизбаев, Армейская көчөлөрүндө;

- 22-26-октябрда Новопокровка айылы, Ала-Тоо жаңы конушу, Ак-Ордо, Ак-Өргө конуштары, Пригородное айылы, Жениш конушу, Маевка айылы, Ала-Арча айылынын Саадаев, Коллекторная көчөлөрүндө, 110 кварталында, «Газинтерсервис», «Монолит» заводу жана «Турист» автобазасы;

- 23-24-октябрда Восток айылынын Ленин, Щорс, Сельповская көчөлөрүндө;

- 24-25-октябрда Арча-Бешик конушунун Абдрахманова, Улан, Адыгине, Магистраль, Стадион көчөлөрүнүн кесилишкен аймагы.

Булак: "turmush.kg"

Последние новости