www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин борборунда акысыз Wi-Fi аймагы иштей баштады

Бишкектин борборунда акысыз Wi-Fi иштей баштаганын "Кыргызтелеком" ишканасынын маалымат кызматы билдирет.

Акысыз интернет Чүй проспектинен Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки Эркиндик проспектинин бөлүгүндө жеткиликтүү болот. Ал "Жеткиликтүү санариптик дүйнө" долбоорунун алкагында ишке ашкан.

Эми борбор калаанын тургундары жана коноктору мамлекеттин үлүшү бар компанияда кепилденген акысыз WI-FI зонасын күнү-түнү пайдалана алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости