www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин четине блок посттор коюлуп, унаалар текшерилет

Милициянын кайгуул кызматы ата-энелерди мектепти бүтүрүп жаткан балдарын көзөмөлдөөгө чакырат.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, учурда Бишкек шаарынын дээрлик баардык мектептеринде 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн орто мектепти бүткөндүгү боюнча аттестат алуу аземи өтүүдө.

Милиция кызматкерлери ар бир орто мектептерде коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле өспүрүмдөр катышкан кылмыштарга, укук бузууларга, ичкилик, баңгилик өңдүү ар кандай терс көрүнүштөргө жол бербөө боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Мындан сырткары, бүтүрүүчүлөр иш-чара бүткөндөн кийин ата-энелеринин жана чоң адамдардын коштоосу жок өз алдынча топтошуп, тоого же эс алуучу жайларга чыгып кетпеши үчүн түштөн кийин шаардан чыгуучу чоң көчөлөрдө атайын блок посттор орнотулуп, өспүрүмдөр менен бара жаткан баардык унаалар текшерилет.

Милициянын кайгуул кызматы ата-энелер өспүрүмдөрдү кароосуз калтырбай көзөмөлдөп турууга чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости