www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдын 7-июлунда Жапаров президенттин иш башкармачылыгы алдындагы атайын ооруканадан текшерүүдөн өттү. Мамлекет башчы, көпчүлүктүн айтуусунда, бутунан жаракат алган. Атайын ооруканада президент план боюнча тиешелүү кароодон өтүп жатат дешти.

Президенттин пресс-катчысы Эрбол Султанбаев үн каткан жок, балким бутунан жаракат алганы чындыр. Кыргыз элинин бийлик башында 1841-жылдан бери кимдер турган? Ормон-хан Үмөталыны кошкондо, ал 26 жыл 1841-жылдан 1867 жылга чейин Кыргызстандын теңин сурап турган. Официалдуу 1863-жылдан Орусиянын карамагына өткөнбүз:

Императорлор:

Александр II (18 февраль 1855 — 1 март 1881);

Александр III (1 март 1881 — 20 октябрь 1894);

Николай II (20 октябрь 1894 — 2 март 1917).

Убактылуу ѳкмѳт башчылары:

Львов Георгий Евгеньевич (2(15) март — 8(21) июль 1917);

Керенский Александр Фёдорович (8(21) июль — 25 октябрь (7 ноябрь) 1917.

Совет мамлекетинин Эл комиссарлар Советинин тѳрагасы башкарган:

Ленин Владимир Ильич (26 октябрь (8 ноябрь) 1917 — 21 январь 1924).

РКП(б), ВКП(б), КПСС БКнын Генеральный секретарлары:

Сталин Иосиф Виссарионович (3 апрель 1922 — 5 март 1953) ;

Хрущёв Никита Сергеевич (чыныгы 14 март, формалдуу 7 сентябрь 1953 — 14 октябрь 1964);

Брежнев Леонид Ильич (14 октябрь 1964 — 10 ноябрь 1982);

Андропов Юрий Владимирович (12 ноябрь 1982 — 9 февраль 1984);

Черненко Константин Устинович (13 февраль 1984 — 10 март 1985);

Горбачёв Михаил Сергеевич (11 март 1985 — 24 август 1991, СССР президенти 15 март 1990 — 25 декабрь 1991).

Кыргыз Республикасынын Президенттери:

Акаев Аскар Акаевич, (31- август 1991 – 24- март 2005, Кыргыз ССРинин президенти 27-октябрь 1990)

1944-жылы ноябрда туулган 2005-жылы мартта 61 жашында президенттик кызматынан качып кеткен.

Санжыра: 1.Тагай; 2.Кылжыр (сарбагыш); 3.Дөөлөс; 4.Токо: 5.Абыла; 6. Токой.7. Акай (Күчөр, Чилтен, Болот; Асанкул, Аскар).

Бакиев Курманбек Салиевич (24-март 2005 – 7-апрель 2010)

1949-жылы августта туулган 2010-жылы апрелде 61 жашында президенттик кызматынан качып кеткен.

Санжыра:1. Эгемназар; 2. Эрмамат; 3. Молдоназир; 4. Молдокалый; 5.Галай калпа; 6. Молдо Бакы; 7. Саалы

Отунбаева Роза Исаковна (7-апрель 2010 -1-декабрь 2011)

1950-жылы августта туулган 2011-жылы декабрда 61 жашында президенттик кызматын өткөрүп берген.

Атамбаев Алмазбек Шаршенович (2011-2017)

1956-жылы сентябрда туулган 2017-жылы декабрда 61 жашында президенттик кызматын өткөрүп берди.

Санжырага кулак төшөйлү: 1.Кутан; 2. Меңди; 3. Ажы бий; 4. Кутуй (Кытай); 5. Туматай; 6. Турсун; 7. Норузбай; 8.Шама; 9. Атамбай; 10. Ысак (Исхак); 11. Шаршен.

Жээнбеков Сооронбай Шарипович (2017-2020)

1958-жылы ноябрда туулган, 2017-жылдын 24-ноябрынан президент, 2020-жылдын 15-октябрында 62 жашында кызматын өткөзүп берген

Санжырага кулак төшөйлү: 1.Адигине; 2. Жору (Жолжакшы); 3. Жолубай; 4. Астар; 5. Серке (баатыр катары таанылган инсан болгон). 6. Теңизбай; 7. Биймырза; 8. Абыке; 9. Кожоназар (жаш кезинен эл башкарган бий болгон); 10. Жайчыбек; 11. Таңырык; 12. Пирназар; 13. Жээнбек; 14. Шарип.

Жапаров Садыр Нургожоевич (2021-жылдын 11-январынан баштап)

1968-жылдын 6-декабрында туулган, 2020-жылдын 15-октябрынан президенттин милдетин аткаруучу, 2021-жылдын 11-январынан президент.

Ата теги: Нуркожо, Мусталый, Жапар, Көчкүн, Солтонкул, Алыбай, Бирназар, Алдаш, Белек, Жамангул, Алсейит, Мырзакул, Орозбак, Сарбагыш, Тагай, Агуул, Долонбий.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости