www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы жазык мыйзамдарында боштуктар бар, анын айынан зордукчулар толук жоопкерчилик тартышпайт. Бул тууралуу маалымат жыйынында “Сезим” кризистик борборунун юристи Ракыя Рахматова билдирди.

Анын айтымында, былтыр Сокулук районунда бир аял сабалып каза болгон. Жарандык жолдошу аны төрт саат бою отургучтун буту менен сабап, анан уктап калган. Эртең менен ал сөөктү тапкан.

«Аял болгону 30 жашта болчу, ал каза болоордон беш ай мурун аны менен интернет аркылуу таанышкан. Биринчи инстанция адамды өтө мыкаачылык менен өлтүргөн деп таап, 15 жылга эркинен ажыраткан. Кийинчерээк Чүй облустук соту өз өкүмүндө бул айыпты катардагы киши өлтүрүү катары кайра квалификациялаган. Жогорку Сотто биз адилеттүүлүккө жетип, адамды өтө мыкаачылык менен өлтүргөн деп таптык», — деди Ракыя Рахматова.

Адвокат кошумчалагандай, укук коргоочулар үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча прокуратурага айыпты кыйноо катары квалификациялоо өтүнүчү менен кайрылганда, көзөмөл органы жабырлануучуну эки же андан көп жолу кордолушу керек деп жооп берет. Бирок, адвокаттын айтымында, үчүнчү жолу жабырлануучунун аман калышына кепилдик жок.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости