www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европада көгүлтүр оттун баасы марттан тарта биринчи ирет миң кубуна 1 800 доллардан өйдө көтөрүлгөнүн Лондондогу ICE биржасындагы маалыматтардан улам байкаса болот. Бул туурасында РИА Новости жазды.
TTF (дүйнөдөгү негизги соода борборлорунун бири) индекси боюнча, август фьючерстери 1801,2 доллар деп көрсөтүлгөн баа менен сооданы ачышып, андан соң 1 812 долларга кымбаттаган. Мындан кийин баасы бир нече ирет алмашып, 1766,6га чейин түшкөн да, соңку мүнөттөрдө кымбаттап, 1 775 долларга чукулдаган.
Кечээ газ фьючерстери кескин, 13 пайызга кымбаттаган, сооданын соңунда баа 1799,1 долларга жетип токтогон.
Марттын башында көгүлтүр от тарыхый баасын төрт күн катары менен жаңылаган, бул россиялык энергоресурстардын импортуна тыюу салуу аракеттеринен чочулоодон улам болгон.
Рекорд 7-мартта катталып, 3 892 долларды чапчыган. Ал эми күндүн жыйынтыгында эсептик баа миң кубга 2560,7 доллар болгон. Кийин нарк турукташып, үч айдын эсеби менен алганда 6-июнда биринчи ирет 900 доллардан ылдый түшкөн. Ал эми эки күндөн соң февралдын аягындагы баага жетип, 878,5 доллар болгон.
Июндун ортосунда газ Россиядан кетип жаткан процесстен улам кайрадан кымбаттаган. Азыр РИА Новости суроо салган аналитиктердын айтымында, европалык газ рыногунда баанын кескин түшүп кетүүсүнө өбөлгө жок.