www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Интригаларга убактым жок. Мындай пикирин бүгүн, 7-июлда мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева АКИpress агенттигине билдирди.
Буга чейин депутат Балбак Түлөбаев вице-мэрди ага карата «мектеп директорлорун тукуруп жатат» деп айыптаган. Интрига менен алектенбей, өз ишин кылсын деген депутат Түлөбаев.
«Анын айыптоосу, ошондой эле мектеп директорлорунун билдирүүсү мен үчүн жаңылык болду. Мага карата интригалар, жаап-жашыруулар, чагымчылдык менен алектенет деп тагылган айып негизсиз. Андай менен алектенүүгө убактым жок. Шаарда жумуш жетиштүү. Мен аны менен кайым-айтышкым келбейт, бул анын жеке пикири. Ал өзүнүн субъективдүү пикирин айтууга укуктуу. Социалдык блок шаардын жашоосунун чоң бөлүгүн түзөт, жумуш көп», — деди Мозгачева.
Булак: АКИpress агенттиги