www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызмат машинасы менен жүргөн Балбак Түлөбаевдин жол кирени май айында көтөрөм деп чамынганы ишке ашканы туру. Азыр автобустар 11 сомго, маршруттар 19 сомго көтөрүлө тургандай. Атамбаевдин заманында Бишкек мэри Иса Өмүркулов тарифти көтөргөн. Калайык-калкты коркунучка салган, эң эле мүшкүл нерсе бул жолго төлөнө турган тариф болуп эсептелинет. Эгер жолдун наркы көтөрүлсө, анда бардык товарлар ээ-жаа бербей өсүп кетиши ыктымал. Ансыз деле баа кымбаттап жатпайбы? Муну туура түшүнгөн азыркы бийлик кышында айдоочулар жолдун наркын эки эсе көтөрүп бергиле деп чыккан учурда, иштесеңер ушул баа менен иштегиле, иштебесеңер кеткиле деп, мурунку бийликтегидей болуп, айдоочулар митингге чыкса эле жолдун тарифин көтөргөн эмес.
Жолго жүрүү наркын 19 сомго көтөргүсү келген мэрлер чыкты, алардын тыянагы кандай?
Бирок эмнегедир акыркы мезгилде экс-мэр Балбак Түлөбаев сыяктуу азыркы бийликке жагына албай турган Бишкектин атка минерлери чыккан. Алар май айында жол кирени көтөрөбүз дешкен. Булардын ой-пикирлери боюнча жаңы сатып алынган автобустарды накта акчага эмес, келечекке карыз алгандыктан жол акысын көтөрүшүбүз керек экен. Алардын оюу боюнча автобусту сатып алган акча каражаты али чечиле элек эле. Автобусту чыгарган заводдор менен, мейли Казакстан, Өзбекстан, Белорусия болсун келишим түзсөк, ал заводдор бизге 3-5 жылга чейин автобустарды насыяга берет имиш. Ошондо азыркыдай 100 гана автобус эмес, эки жылга кенен эле, 500 автобус сатып алсак боло тургандай экен. Эгер жолдо жүрүү тарифин 15-20 сомго көтөрсөк шаардыктар ыңгайлуу, жаңы автобустарды сатып алса болот деген. Ушундай жол менен да жол жүрүү тарифин көтөрүп гана каржылоо маселесин Бишкек мэриясы чечип алат экен. Бул атка минер да Бишкек мэриясынын каймагын калпып “ооз тийип” калган эле, бирок “ай күнүнө жетпей” ал кызматынан кеткен. Анын ордуна келген Бишкек мэри эки саат иштей элек жатып оңкосунан кеткен. “Таппасаң сыйпалап кал” Атамбаев мезгилинде Балбак Түлөбаев жана оңкосунан кеткен мэр автобустар менен жылаңайлак жүрүшчү эмес беле, эми кымбат баалуу унаага отурушкандан бери, элдин жол жүрүү акысы көтөрүлөбү баштары деле оорушпайт да.
Андан соң «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 24-беренесиниин 4-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин Кудайбергенов Бактыбек Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Жол кирени көтөрүү Кудайбергенов Бактыбектин мойнуна жүктөлө тургандай. Бул жол кирени көтөрүп балким «кара так» менен Бишкектин мэринен кетер.
Бишкек бааны көтөрсө өлкөдө баа көтөрүлөт
Бишкектин жол киресин 20 сомго көтөрөбүз деп Балбак Түлөбаев дердеңдеп жүрчү, эми айыл–кыштактарга жүрө туурган маршруткалар 10-20 сом кошуп көтөрүп жиберери бышык. Күнүгө жок дегенде арты 1000 сом таап, алды 2-3 миң сом таап жаткан айдоочулар элди ойлобой өз жандарын ойлошуп жол кирени көтөрүү талабы менен чыгышууда. Шопур Илмиянов мамлекеттик рулду башкарып жаткан Атамбаевдин заманында айдоочулардын айткандары «лып» аткарылып жол кире улам-улам көтөрүлүп турчу. Бишкек мэри Иса Өмүркулов жан дили менен көтөрүп турчу, 2012-жылдын 1-майында бааны көтөргөн. Ал эми Сооронбай Жээнбеков президент болгон соң айдоочулар дагы жол кирени көтөрүү маселеси менен чыккан, иштесең ушул жол кире менен иште, иштебесең башкалар иштей берет деген принцип менен жол кире көтөрүлгөн эмес. Азыркы бийлик да ушул позицияны тутунса жалпы элге жакшы болмок. Эгер Бишкекке шайлоо өткөнүнө аз гана болуп, али официалдуу шайлана элек мэр айдоочулар үчүн элге каршы жол кирени көтөрүп, элдин кыжырына тийип, кайрадан башалмандыкка жол ачышы мүмкүн. Айлыгы аз эл үчүн жол кирени бир-эки сомго көбөйтүү да оор тийет. Анткени, кээ бир үйдө канча адам жумушка барып келсе, канча бала мектепке барып келип жатат. Андай болсо айлыкты да көтөрүш керек.
Мурун айтылгандай эгерде маршруттук автобустун айдоочулары кайрадан иш таштаса, анда мэрия Транспорт министрлигине эл ташуучулардын лицензиясын жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылмак. Бул тууралуу борбордук муниципалитеттин шаардык транспорт башкармалыгынын убактылуу башчысы Улан Бейшенбаев брифингде билдирген. Ал белгилегендей, Бишкек мэриясы айдоочулар талап кылган жол акыны көтөрүү маселесин кароого даяр эмес. "Бирок ал маселе убагы келгенде каралат" деп Улан Бейшеналиев бир нече жолу кайталап, бирок, бул тууралуу кененирээк сөз кылган жок. Бейшеналиев транспорттук компаниялардын жетекчилерине эскертүүлөр берилгенин кошумчалаган. Ага ылайык, эгерде маршруттук таксилердин айдоочулары ишин токтото турган болсо, анда аларга мыйзам чегинде чаралар көрүлмөк. "Элди ташууга лицензияны Транспорт министрлиги берет, биз болсо аны жокко чыгаруу үчүн кайрылабыз", - деген ал. Эске салсак, апта башында маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени 15 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышкан, антпесе алар ишти токтотуп коюшмак. Мэрияда кичи автобустарда жүрүү тарифтерин жогорулатуу маселесин кароо боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Бир жуманын ичинде айдоочулар болжолдуу сметаны шаардык транспорт бөлүмүнө тапшырышы керек. Күнүгө миңдеген сом киреше таап жаткан шопурлар элди дагы сыгып жол кирени көбөйтүүнү талап кылууда. Айдоочулар ишин таштап жатышат, ал эч нерсе эмес, жалпы эл чыга турган болсо бийликти шыпырып түшкөнүн көрүп жүрөбүз. Ошондуктан айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эл кыйналып турат, элдин айлыгын көтөрөлү анан жол кирени көтөрөлү деген маселеге келиш керек эле. Кызмат машинасы менен жүргөн мэрдин жол кирени көтөргөнү жакшылыкка алып келбейт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg