www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик бюджетке 1,1 млрд сом зыян келтирген кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалымат ылайык, Каржы полициясынын Сокулук жана Москва райондору (Чүй облусу) боюнча башкармалыктары тарабынан салыкты жашыруу менен байланышкан кылмышты аныктоого багытталган иштеринин натыйжасында мурда белгиленген схема боюнча Кытайга ири өлчөмдөгү (180 млн доллардан ашык) каражаттарды мыйзамсыз чыгарып жүргөн кылмыштуу топ аныкталган. Ал каражаттар сыртка сатып алынуучу товардын акчасы катары чыгарылып турган.

“Тергөө аныктагандай аталган кылмыштуу топтун ишинен мамлекеттин бюджетине 1,1 млрд сом салык түшпөй калган”, - деп айтылат маалыматта.

29-октябрь күнү аталган кылмышка шектелип акча каражаттарын Кытайга чыгарып турган А.У. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

30-октябрь күнү Биринчи май райондук сотунун чечими менен аталган жаран №1 тергөө абагына камакка алынган.

Учурда аталган схемага катышы бар жогорку кызматтагы адамдарды жана аталган каражаттын кайдан алынгандыгын аныктоо иштери жүрүп жатат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости