www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экс-депутат Бейшенбек Абдырасаков менен президенттик шайлоонун айланасында пикир алыштык.

-Бейшенбек мырза, президенттик шайлоо жарыялангандан бери президенттик кызматка ат салыша тургандардын аты атала баштады. Бу сапар президенттик кызматка татыктууларды кандай критерийдин негизинде тандасак туура тандоо жасайбыз?

-Эң биринчи тазалыгына, тажрыйбасына, аброюна карашыбыз керек. Ошондой эле ички, тышкы саясатты түшүнө билгенине, эл аралык мамилени жөндөп кетээрине жана 30 жылдан бери элге кылган кызматына карап тандашыбыз керек. Туура тандоо болгондо гана татыктуу талапкерди адашпай тандайбыз. Кыргызстандын бул жолу президент тандоодо жаңылууга акысы жок.

-Колдоочулары көп болгону үчүн Садыр Жапаровдо мүмкүнчүлүк чоң деген ой айтылып жатабы?

-Садыр Жапаровдо президенттик шайлоодо утуу мүмкүнчүлүк чоң деген сөздөр толкундоодон кийин эл арасында аброю жогорулаганы үчүн айтылып жатса керек. Ошондой эле колунда бийлик турганы үчүн административдик ресурсту кандайдыр бир деңгээлде колдоно. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы баары бир мамлекеттик кызматкерлер жаңы бийликке келген чиновниктер иштеп беришет. Ошон үчүн анда башкаларга салыштырмалуу шайлоодо жеңип чыга турган мүмкүнчүлүк бар десек болот.

-Президенттикке аттанган башка талапкерлерде Садыр Жапаровдой колдоочулар жокпу?

-Ар бир талапкердин өзүнүн колдоочулары болот. Кыргызстанда бары бир регионалдык, жердештик, туугандык колдоолор боло берет. Муну эч ким жоё албайт. Себеби, бул адат биздин каныбызда бар. Анын үстүнө түндүгү да, түштүгү да колдой турган күчтүү бирдиктүү лидер жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости