www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров "Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин жакындарына көңүл айтты.
Кадыров Пригожин менен көптөн бери дос болгонун билдирди.
«Евгений Викторович менен бирге көп учурда эң татаал маселелерди чечүүгө туура келди. Ал башкалардан жоопкерчиликтүүлүгү, кайталангыс мамилечилдиги жана өжөрлүгү менен айырмаланып турчу. Аны менен каалаган теманы жана көйгөйдү талкуулай алчусуң. Ал ар дайым жардам берүүгө даяр турчу жана чын жүрөктөн жардам берип келген. Биз ага Ливия жана Африка боюнча кээ бир маселелерде да жардам бердик. Бизди көп нерсе байланыштырчу. Грозныйга болгон сапарларынын биринде ал мага Вагнердин «Өзгөчө эмгеги үчүн» алтын медалын тапшырган», - деп жазган ал.
Анын айтымында, Пригожин улуттук масштабдагы маанилүү адам болгон, бирок акыркы убактарда ал өлкөдө болуп жаткан окуялардын толук картинасын көргөн жок же көргүсү келген эмес.
«Мен андан мамлекеттик мааниге ээ болгон иштер үчүн жеке амбицияларын коё турууну сурандым. Калганын кийинчерээк чечсе болмок. Бирок Пригожин өзүнүн темир мүнөзү менен каалаган нерсесине дароо жеткиси келген.
Анын аскердик атайын операцияны жүргүзүүдө салымы зор экендиги талашсыз. Анын бул эмгегин тартып алуу мүмкүн эмес. Анын өлүмү бүтүндөй мамлекет үчүн чоң жоготуу», — деп жазган Кадыров.
Булак: NazarNews.kg