www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы мезгилде өлкөбүздөгү айрым маалымат каражаттары Бизнес-Акыйкатчы кызматын түзүү керек экендиги тууралуу маселе көтөрүүдө. Мурдараак Ажобуз Сооронбай Жээнбеков да өз сөзүндө Бизнес-Акыйкатчы институтунун керектүү экендигин жана курулуп калаарын айткан жагы бар. Экономика министрлиги бул институтту түзүү боюнча токтом долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койду. Бул документке  ылайык, Бизнес-Акыйкатчыны Байкоочу Кеңеш шайлайт, ал эми Байкоочу Кеңешти өкмөт, эла аралык уюмдар жана ишкерлер ассоцациялары тандайт.

Бизнес-Акыйкатчы институнун жетекчилигине  ЖИАнын (Жаш ишкерлер ассоцияациясы) жетекчиси Темирбек Ажыкулов жана Базарлар ассоцациясынын президенти Сергей Пономарев өз талапкерликтерин көрсөтүшүүдө.

ЖИА - бул  Түркиядагы төңкөрүш аракетин жасап, тилеги таш капкан Фетхуллах Гүлен жамаатына караштуу бизнес уюм болуп эсептелинет. Динди соодага айлантып бай ишкерлерди саан уйдай саап келатат. Аны Кыргызстанда ачылган Себат лицейлерин бүтүрүп, Түркия, Египет сыяктуу чет өлкөлөрдөгү Гүлен жамаатынын жатаканаларында жашап, гүленчи уюмдарда тарбияланып келгендер жетектейт.  Гүленчилер жамааты Түркиянын өзүнөн баштап Россияда, Азербайжанда, Өзбекстанда, Пакистанда, Иорданияда, Иракта, Сомалиде ж.б. чет өлкөлөрдө  ишкердүүлүктөрүнө тыюу салынып, мектептери, университеттери жабылып, террористик уюм деп табылган.

Бизнес-Акыйкатчылык кызматка талапкер болуп жаткан Темирбек Ажыкулов биринчи кезекте гүленчи ЖИАнын кызыкчылыгын коргой тургандыгы белгилүү. Бул орунга көз карандысыз талапкерлер табылбай калдыбы? Билим берүүнү, динди, саясатты бизнес булагына айланткан гүленчилер бул институтту да жеке кызыкчылыктары үчүн пайдаланууну көздөп, монополиясын мындан да бекемдөөнү көздөп жаткан жокпу?

ЖИАнын өкүлүнүн бул институтка жетекчи болуп келүүсү Кыргызстандагы баардык жеке ишкерлерди өздөрүнө байлап эле тим болбостон, Кыргызстандагы инвестициялык жагдайга терс таасирин тийгизет.

ЖИА бизнес чөйрөсүн ээлеп баратат жана алдыда мамлекеттик башкарууга аралашууну пландоодо. Бул топтун кишилери Жогорку Кеңеште, күч органдарында, Өкмөттө, Тышкы иштер министрлигинде, Билим берүү министрлигинде, ”Ыйман” фондунда, дин тармагында жетекчилик кызматтарда иш жүргүзүп жаткандыгы белгилүү.

Өкмөт бул болочок Бизнес-Акыйкатчы жетекчисин тандоодо кайсы бир жамааттын кызыкчылыгын көздөбөгөн, эл арасында кадыр-барктуу, ишкерлик чөйрөсүн терээң түшүнгөн чыныгы адисти шайлоосу талапка ылайыктуу болмок.

Бул Бизнес-Акыйкатчы институтун чет өлкөлүк уюмдар канча убакытка чейин каржылай алат? Чет өлкөлүк уюмдардын бул институтту каржылоодо эмне кызыкчылыктары бар? деген суроолор да туулат. Эмне үчүн адам укуктарын коргогон Акыйкатчыны Жогорку Кеңеш шайлайт да, Бизнес-Акыйкатчыны шайлоодо чет өлкөлүк уюмдар кийлигишүүсү керек? Бизнес-Акыйкатчынын жумушун эмне үчүн Жогорку Кеңеш шайлаган Акыйкатчы институ аткарбасын.

 Жыйынтыктап айтканда бул жумушту ишке ашырууда Өкмөттүн жети өлчөп бир кесүүсү абзел. Өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөгөн топтордун мамлекеттин ролун талашуусуна жол берилбеши зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости