www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен президент Джо Байдендин трансатлантикалык байланыштарды калыбына келтирүү иш-аракеттеринин алкагында 22-мартта Брюсселге келип, НАТО жана Европа Биримдигинин лидерлери менен жолугушат.

Блинкен 23-мартта жана 24-мартта НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат. Ал шериктер жана НАТОнун Башкы катчысы Йенс Столтенберг менен кеңешет, деп Мамлекеттик департамент билдирди.

АКШ Мамдепартаменти Брюсселдеги жолугушуулар «Байдендин администрациясынын трансатлантикалык ынтымакты чыңдап, НАТО аркылуу өнөктөштөр менен болгон байланыштарыбызды жандандырууга болгон чечкиндүүлүгүбүздү баса белгилөө» максатын көздөйт, деп белгиледи.

Брюсселде жүргөндө, Блинкен Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Европа Биримдигинин тышкы саясат тармагынын жетекчиси Жозеп Боррелл менен да жолугушат. Тараптар COVID-19 пандемиясынан арылуу көйгөйлөрү, климаттын өзгөрүшү жана демократияны мындан ары чыңдоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзөт. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости