www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-апрелде Биринчи Май райондук сотунда блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши каралууда. Прокурор соттон аны 6 жылга эркинен ажыратууну суранды.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 278-берененин 3-бөлүгү боюнча - 5 жыл, 327-берененин 2-бөлүгүнө ыйлайык - 3 жыл. Кошуп кароо менен - 6 жыл.

Эскерте кетсек, «Полит Узник» баракчасынын администратору, Жекшеналиев 2022-жылдын 14-августунда милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («Калайман башаламандык») 3-бөлүмүнө («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») ылайык кылмыш ишин козгогон.

Ал өткөн жылдын 26-октябрында үй камагына чыгарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости