www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 3-апрелде Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматовду сынга алды.
Парламентарий Кыргызстанда күнөскана үчүн кандай топурак алынып келинерин сурады. Ал жер бетинде пестициддер бар деп эсептейт. Раматов ар кандай топурак бар деп жооп берди. Министрдин орун басары үчүн башка чиновник жооп берди. Өз кезегинде Таштанбеков чиновникке “эки” деген баа койду.
Кийинчерээк парламентарий аткаминерге баа берүү үчүн күндөлүктү тапшырды.
“Президент менен премьер-министр бул күндөлүккө эң жакшы бааларды гана беришсин., беш коюшсун, мен 3 коюп койдум”, - деп кошумчалады ал.
Эске сала кетсек, буга чейин Таштанбеков аткаминерге эки жолу “2” баасын койгон.
Булак: NazarNews.kg