www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Ленин районунун бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өткөнү турат.
Натыйжада, Борбордук шайлоо комиссиясы бир эле депутаттык мандат үчүн өтчү шайлоого 18 миллион 636 миң 500 сом корой турганын билдирди.
Муну уккан коомчулук шок. Мындан улам "бир мандат үчүн мамлекеттин акчасын коротуп кайра шайлоо кылбастан, андан көрө Жаныбек Абиров эле депутат болуп отура берсе болмок. 18 миллион кортокондой шайланган депутат мамлекетке ошончолук пайда алып келеби, башка кнопка баскычтар ансыз да жетиштүү", - деп сынга алышууда.
Арийне, мамлекеттин акчасын сарамжалдуу пайдалануу керек деген жүйө келтиргендердин айтканы орундуу. Бирок, Баш мыйзамга ылайык бир округга 100 миллион коросо дагы шайлоо өтүшү керек. Мыйзам талабы ошондой.
Себеп дегенде, Баш мыйзамга бир мандаттуу шайлоо системасы киргизилген. Эл ошону талап кылган. Эми 5 жыл ичинде ар кандай себептен улам мандатын тапшырган, же мандатынан ажыратылган депутаттардын ордуна шайлоо өтө берет. Каалайбызбы, каалабайбызбы бюджеттен миллиондоп акча сарптала берет.
Ошондуктан партиялык тизме эң ыңгайлуу болчу. Кеткен депутаттын ордуна арткы тизмедеги келе бермек. Шайлоо өткөрүп акча коромок эмес.
Демек, эми кеп канча акча коргондо эмес, кимди шайлайбыз деген маселеде...
Булак: NazarNews.kg