www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы жолугушуу

Кыдыракей тизилген соодагерлердин арасынан көзүм аны учуратканда саамга катып калгансыдым. Ошолбу? «Адамдын окшоштору көп болот дечү эле, балким башкадыр» деген ой келди башыма. Бирок, улам жакындап барган сайын аны дааналап окшоштура баштадым. Кара чачын гана сары кылып боёп алыптыр. Болбосо, эч өзгөрүү жок баягысындай эле экен. Ага бир топ жакындап баргандан кийин таанып калбасын деп илинген шымдардын арасына жашындым. Калп эле шым караган киши болуп аттым, бирок, көзүм дале анда болчу. Кардарларынын бири менен сүйлөшүп жатканда үнү да ошондогудай эле ичке, тунук экенин байкадым. Ушундан кийин гана шым карап таппай койгон кишидей ага жакындап бардым. Топумду баса кийип алгандыктан, ал мага маани берген жок. Жанынан өтө бергенимде дагы бир жолу адашпаганымды, ал чын эле мен ойлогон адам экенин билдим.

***

Эртеси жумушка келгенден кийин эле Сыдык байкени издеп жөнөдүм. Сыдык байке, мурда актёр болуп кийин эч ким ага роль бербей койгон соң театрдын «кара жумушчусу» болуп калган. Кара жумушчу дегеним, СССРден бөлүнгөндөн кийин театрыбыз бир топ алсырап кетип, биз актёрлор айлык албай эле иштеп калдык. Курсак ачка болсо кайдан роль жаралмак эле, эптеп эле келди-кетти болуп калганбыз. Бара-бара актёрлордун катары суюлуп, колунан келгени базарга чыгып, андан кыйындары чет өлкөгө иш издеп кетип жатышты. Бир катар актёрлор гана эптеп өлбөгөн жанга келчү жазды күтүп жашай бердик. Бара-бара театрдын иши оңоло баштады. Аз да болсо айлык алып жашай баштадык. Бирок, актёрлордун катарын «сокращение» деген балекет дагы суюлтту. Мына ошол кыскартууга ушул Сыдык байке туш болгон. Аны жумуштан алышканы менен ал киши театрдан кеткен жок. Театрдын ар кайсы жумуштарын аткарып, кылган кызматына эптеген акча алып жүрдү. Биз ага көп жолу башка жакка барып иш табууну сунуштадык. Бирок, анын колунан эч нерсе келген жок. Соодада да, кара жумушта да иштей албайт экен. Өзү да жашынан жүдөө болгондуктан, дайыма боргулданып тердеп жай жүрөт. Ишсиз калганга чейин аялы дагы бул жерде иштегендиктен, анын караанын карманып жүрчү. Акыры аялы ишти колго алды окшойт, театрдан кетип соодага өттү. Бирок, иштери жакшы болгон жок. Соодасы жүрүшпөй же Сыдык байке жакшы жардам бере албай аялы бир топ жүдөдү. Ошентип жүргөн күндөрдө бир күнү аялы түйүнчөгүн түйүнүп Орусияга иш издеп кетти. Сыдык байке эки кызын карап үйдө калды. Алган акчасы жарыбай эптеп жашап жүрүштү. Көп өтпөй аялы акча сала баштады. Ошону менен эптеп кыздарын окутуп, жүдөгөн Сыдык байке ого бетер жүдөп эле калды. Кийип жүргөн кийими көпкө жуулбагандыктан, өзү да дайыма тердеп жүргөндүктөн, ачкыл тер жыты кайда барбасын бурулдап аны ээрчип жүрчү. Кайсы бөлмөгө кирбесин эшикти ачаардан мурун анын жыты кирип келчү. Иш жамаат аны эптеген бир жан да дегендей мамиле кылып эч ким деле ага көңүл бөлчү эмес.
Ошондой күндөрдүн биринде Сыдык байкенин аялынан акча келбей калды. Башка киши болсо сарсанаа болуп аялын издемектир, бирок, Сыдык байке анте алган жок. Издөөгө да жүүнү боштук кылдыбы, чет жактан келген-кеткен тааныш-билиштерден гана сураштырып тим болчу. Акча жок кыздары да мектепке барбай калганда театрдын жамааты ага жумуш берген. Жумуш бергенде эмне, ар ким аны ар кандай жумушка жумшап ошонусу үчүн бир аз айлык коюп беришип аны «кара жумушчу» кылып алышкан. Убакыт учуп аялынын кеткенине тогуз жылдын жүзү болсо да, жубайынын артынан издеп барганга кудурети жеткен жок, башка аял алып да кеткен жок. Болгону өзүндөй алсыз үмүт менен гана аялын күтүп жүрө берди.

Сыдык байкени короодон таптым. Адатынча кароолчулар менен чылым чегип боргулданып тердеп отуруптур. Жакын барып учурашкандан кийин «жүрсөңүз» деп өзүнчө чакырып алдым. Ал адатынча башын ийкегилеп артымдан жүрдү.

– Сыдык байке, - дедим жүйөлүү сөздү айтаарымды билгизе. - Жашооңуз кандай болуп атат? Кыздар жакшыбы, чоңоюп атышабы?

Ийнин күйшөп коюп, Сыдык байке жакшы эле деп башын ийкеңдетти.

– Сыдык байке, аялыңыз менен сүйлөшүп жатасызбы? Дайын барбы?

Бир аз жер карап унчукпай турду да:

– Баягы бойдон дайын жок, үкөм...-деди шалпайып.

– Мен сиздин аялыңызды көрдүм,-дедим көзүнө карай. Тиги койсоңчу тамашаңды дегендей ишенип-ишенбей көзүмө карады.

– Ооба, чын эле көрдүм. Кечээ жумуштан кийин Дордойго баргам. Шым карап жүрүп аялыңызды көрдүм.

– Койчу, кантип эле. Ал деген Орусияда да...

Сыдык байке ишенген жок.

– Билбейм, балким мен адашып калгандырмын, бирок... Кудум өзү, Сыдык байке. Ишенбесеңиз алып барайын.

Сыдык байке ишенбей турдубу же көп жылдан бери биринчи жолу аялы жөнүндө укканынабы эч нерсе дей албай калды. Мурдун шор тартып адатынча тердеп кетти.

– Эртең эрте базарга баралы. Өз көзүңүз менен көрүңүз.

Ушуну менен мен да эч нерсе деген жокмун, ал дагы унчукпады.

Эртеси таң эрте Сыдык байке босогомдо пайда болду. Түнү менен уктабай чыккан көрүнөт көздөрү кызарып калыптыр. Күчүн чылымдан чыгарса керек, боюна сиңген тамекинин түтүнү бур дей түштү.

– Кеттикпи?-дедим. Ал башын ийкеди.

Базарга баргандан кийин экөөбүз тең апкаарый түштүк. Чын эле ошол болуп калса эмне кылабыз? Мен да эмне дээримди билбей бирден чыны чай ичип алууну сунуштадым. Сыдык байке макул болду. Чай ичип атып да эч нерсе сүйлөшө албай койдук. Сыдык байке уялып жаткан кишидей кымырынып көзүмдү карабай жер карап шалпайган абалында чайын шорулдатып ичип жатты.

Базарга кирип эле баягы орунга бардык. Акмалап жарым сааттай туруп баягы аялды көрө алган жокпуз. Ал күнү экөөбүз үн-сөзү жок артка кайттык.
Эртеси түш оогондо базарда болдук. Сыдык байке дале кебетеси шалпайып ого бетер жүдөп калган. Жүдөө кишиң жаман эле болот турбайбы. Эркек катары бир нерсе кылгандай болсочу... Үн-сөзү жок тердеп-кургап мени гана ээрчип жүрдү.

Экөөбүз баягы жерге жеткенде акмалап туруп калдык. Бул жолу аял чыгыптыр. Бир аз карап тургандан кийин Сыдык байке аялын тааныды көрүнөт катып туруп калды. Чекесинен тер чыпылдап чыгып, жаагы ылдый куюлуп аны сезген жокпу же аарчыганга алы келбедиби селейип:

– Ошол экен... Жылдыз турбайбы...-деди оозу араң кыбырап.

Акыры чыдабады көрүнөт, аялын көздөй басты. Аялынын жанына бараарын барып эмне кылаарын билбей калды окшойт, эки алып калып доскада бүжүрөп турган шалаакы окуучу сымал үлбүрөп дагы бир кадам жыла албай же сүйлөй албай дел болуп катты. Жылдыз эже тигинин катып калганын байкай коюп, бир карап алды да, ал дагы эч нерсе дей албай селейди да калды. Экөө бирин-бири карап же ары басып кете албай же сүйлөшө алышпай тура беришти. Ошол учурда экөөнүн абалынан мен да сенделип калдым. Кудум жашоо токтоп калгандай, ары-бери тыгылышкан кишилер катып калышкандай базар заматта тымтырс боло кандайдыр бир өлүү тынчтык орноп турду. Сыдык байке оозун араң-араң кыбыратып «кандайсың? » дегенсиди. Анысы өзүнө да угулган жок окшойт, сөзүнүн акыры эриндери эптеп эп келтиргенсиди. Жылдыз эже да ушундай болоорун билсе да, күтүүсүз жолугушууга абдаарып оозун кыбыратып араң алик алды. Ортодо орногон бул оорчулукту экөө тең буза алышпай «эмне кылып жүрдүң?..», «эмнеге бул жакта жүрөсүң?..» деп биринен-бири сурай алышпай айласыз турушту. Тилсиз тиктешүүгө Сыдык байкенин жүрөгү чыдабай кетти көрүнөт, колдорун кыбыратып-кыбыратып алып артты көздөй жөнөдү. Менин «Сыдык байке» деп тосконума караган жок. Көзүнөн жашы атып чыкчудай бир кызыктай кызарып базардан чыгып кетти. Мен артынан чуркап чыктым. Сыдык байке машиненин жанына келди да, ушул ааламда өзү гана калгансып эч эле шашпаган кыймыл менен чөнтөгүнөн тамекисин сууруп чыгып күйгүзүп соруп-соруп жиберди.
Эмне деп сүйлөөрүмдү билбей, машинени от алдырдым. Сыдык байке машинеге отурду. Мени такыр караган жок, сөз да сүйлөбөдү. Мен да эч нерсе дебестен машинемди айдап келе жаттым.

Сыдык байкенин үйүнө жеткенде эки кызы алдыбыздан чуркап чыгышты. Аларга билгизбейин дедиби, Сыдык байке машинеден түшпөй туруп эле «чай койгула, азыр киребиз» деп койду. Эч нерседен капары жок кыздары кубалашып чай койгону кирип кетишти.

Саамга унчукпай тургандан кийин:

– Э, Кудай, бул эмне дегениң эле? Ушундай да болобу?-деди.

Жубатаарга такыр сөз таба албай койдум. Эмне кылаарды билбей туруп калганымда Сыдык байке машинеден түштү да чай ич дегендей ичкериге чакырды. Мен «жок, рахмат» деген ишарат менен колумду боорума алдым. Ал өзүң бил дегендей жанагындай эле түшүнүксүз жай кыймылы менен колун шилтеп үйүнө кирип кетти.

Эки күндөн кийин Сыдык байке экөөбүз дагы базарга бардык. Бул жолу барганыбызда Жылдыз эжени көрө алган жокпуз. Ордунда бизге бейтааныш эркек туруптур. Кечке чейин акмалап базар жабылгыча отурдук, бирок, Жылдыз эже такыр көрүнбөдү. Базар жабылып, тиги киши базардан чыкканда биз артынан жөнөдүк. Ага билгизбей машине менен акмалап жүрүп отурдук. Базардан көп алыс эмес жерден үйлөрү жаңы курулуп жаткан кичинекей районго келдик. Тиги киши бизди байкаган жок. Машинесин чатыры бийик жабылган кичинекей үйдүн жанына токтотуп кирип кетти. Дагы бир сааттай күтүп отурдук. Экөөбүз тең машинеден түшүп, тиги киши кирип кеткен үйдү көздөй бастык. Сыдык байке кышылдап дем алып дагы эле тердеп жүрөт.

Дарбазасын ичтен илип коюптур. Тешигинен ары жагы такыр көрүнчүдөй эмес. Үйүн айлана басып, забордон башыбызды чыгарып ичин карадык. Төрт бөлмөлүүдөй тыкан салынган там экен. Терезелеринде гүлдөр өсүп, жарашыктуу парда илиниптир. Короодо кокулдап беш-алты тоок жүрөт.

Балким, кирип эле сүйлөшсөкчү деген ой келди. Мен Сыдык байкени карадым. Бирок, Сыдык байке кермени карап дагы катып туруптур. Кермеде кичинекей баланын жалаяктары, шымдары илинип турган эле.

Ушул учурда парда ачылып, терезеге тиги киши келди. Терезенин пардасын кенен ачып, тумагын терезеге койду да ылдый отуруп көрүнбөй калды. Эми бизге үйдүн ичи даана көрүнүп турду. Үйдө Жылдыз эже бир нерсе кылып, идиш-аяктар менен алек болуп жатат. Ортодо 3-4 жаштардагы кичинекей бала чуркап ойноп жүрөт. Жылдыз эже булоолонтуп тамак көтөрүп келди да, үчөө тегиз отуруп тамак жей башташты.

Ушул учурда Сыдык байке чыдабай кетти көрүнөт забордон башын чулгуп алды да, машинени көздөй жөнөдү. Мен дагы анын артынан бардым. Машинеге жете бергенибизде ал артына бурула калып, үйгө кирип баруучудай обдулду дагы:

– Кеч болуп калыптыр... Күнөө менден кетти...-деди.

Мен эч нерсе деген жокмун. Сыдык байке ушул учурда өзүн ушунча күнөөлөп жерге батпай турганын сездим. Ачкачылык болуп, үй-бүлөгө каран түн түшүп турганда эркектей болуп үй-бүлөсү үчүн күрөшө албай, бала карап үйдө калганына ичи күйүп тургандай сезилди мага. Табиятынан жүдөө, эч нерсеге жарабаган бир байкуш болуп жаралганына арданып тургандай сезилди мага.

Башын жерге салган Сыдык байкенин мурдагысынан да бүжүрөп, мурдагысынан да кара терге чөмүлүп мусаапыр тартып турганына бир туруп боорум ооруса, бир туруп жиним келди. Үндөшпөдүк.

Автор, Бекиш Миңбаев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости