www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ 2010-жылы 7-апрель революциясынан кийин мамлекетти башкарышкан Убактылуу өкмөттүн бир топ мүчөлөрү Бишкектин ресторандарынын биринде чогулушуп, чайлашканы маалым болду.

Бул маалыматты ЖМКлардын бирине ошол кездеги Коргоо министри Исмаил Исаков тастыктаган. Бул чайлашууга экс-президент Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров, Кубатбек Байболов, Эльмира Ибраимова ж.б. келишкен.

Бирок бул чогулушка КСДП фракциясынын лидери, бул саясатчылардын ошол кездеги үзөңгүлөшү Иса Өмүркулов келген эмес. Ал эми Атамбаевдин келбегенин айтпасак да билесиздер. Исаков бул чогулуунун биринчи максаты абактан чыккандарына аз эле болгон Текебаев менен Чотоновго учурашып, ден-соолугун суроо жана азыр эмне болуп жаткан билүү, пикирлешүү экенин айткан.

Булардын ичинен бир топтору Текебаевге буга чейин эле жолугуп, учурашышканы маалым. Чынында Убактылуу өкмөтчүлөрдүн ич ара ынтымактары, катышы деле укмуш эмес. Күтүлбөгөн жерден минтип чайлашуу балким бекеринен эместир. Алдыда шайлоо. Анан калса, бийликтин жүргүзгөн саясатына нааразы болгондордун барган сайын катары калыңдап баратканы ачыктан-ачык байкалууда. Айтор, эмнеси болсо да баары бат эле ачыкка чыгат... Бул тууралуу "Багыт.kg" гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости