www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Телефонума тынбай коңгуроо келип жатты, шашып барып жооп берсем эжемдин көз жумганын кабарлашты. Менда тезинен жетип бардым, сөөктү жуу үчүн суу даярдашып жатышыптыр. Мени ичине киргизишкен жок. Эжемди жерге коюуга сөөктү көтөрүп чыгып кетишти. Мен аялдар менен бир бөлмөгө кирип калдым, алардын арасында сууга киргендерда бар экен. Алар мага:

-Билесиңби кызым, кирпик улагандан кийин, аны чыгаруучу бир нерсе барбы? Мен жооп бере электен мурун эле кайра сөзүн улап кетти.

-Биз эжеңдин жасалма кирпигин чыгара албадык, тырмагындагы лагы, терилген кашы менен кепиндеп койдук, аттиң эжең гусулсуз кабырда...

Мен мындан башка айтылган сөздөрдү угат албадым, анткени кулагыма "гусулсуз кетти" деген сөзү кайталанып жаңырып турду. Эжем коюнгандын, жасангандын баары менин бетимде да  чапталып турган. Эми түшүндүм эмне үчүн мени сөөктү жууганы киргизишпеди. Канчалык деңгээлде мусулмандыгымдан чыгып бара жатканымды, ыйманым менен жүргөнүм бирине бири такыр кошула албай жатканын, напсимдин кызыкчылыгына чөгүп баратканымды түшүндүм. Ошондон тарта салондогу ишимди таштадым, бетиндеги боёкту өчүрүп, тазаланып, чыныгы мусулмандын гусулун алдым.

"Чоочун эркектерге корунуу учун жасанып, пудра жана кремдерди, лактарды коюп үйүнөн чыккан аял Аллахтын каарына калат" деген сөздөргө көзүм салынгандан бери көчөгө жупуну сыяктуу кийинип чыгып калдым. Чынында эжемдин окуясы менин көзүмдү ачып, жүрөгүмдөгү сезимдерди ойготту. Өмүрүмдүн аягына чейин акыретиме даярданып өтүүнү чечтим.

Автор: Асан кызы Диана

Булак: NazarNews.kg

Последние новости