www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселесин жөнгө салууда ортомчу кызматтарды көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу аталган мамлекеттин ТИМ башчысы Сергей Лавров шейшемби күнү ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин видео конференция форматында өткөн жыйынынан кийин билдирди.

Чогулушту RT каналы түз эфирден чагылдырды.

"Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы дайыма түшүнбөстүк болуп келет. Тилекке каршы, абал курчуп баратат. Биз союздаштарды күч колдонуудан мүмкүн болушунча баш тартып, сүйлөшүүгө чакырабыз. Ортомчулук кызматтарыбызды көрсөтүүгө даярбыз. Кырдаал канчалык тез жөнгө салынса, ошончо жакшы", — деп айткан министр.

Лавровдун айтымында, бул маселе тууралуу Россия тарап Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун тышкы иштер министрлеринин кеңешининин онлайн жыйынында да өз өнөктөштөрүнө билдирген.

Эске сала кетсек, май айында эле кыргыз-тажик чек арасында эки ирет ок атышуу болду. Алгач 8-майда Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагындагы жергиликтүү жашоочулар Баткен районунун Чек айылында 50 сотых жерди талашышса, ал эми 24-майда Баткендин Мойнок аймагына Тажикстандын "Ворух" анклавынын жашоочулары мал жаюуга аракет кылып, буга Кыргызстандын чек арачылары карошылык көрсөтүшкөн. Андан улам чек арачылар атышышкан.

Жаңжалдардын айынан жалпысынан кыргыз чек арачыларынын үчөөсү, тажик тараптын да үч аскери жаракат алганы маалым болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости