www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: Кайнимдин аял алуусуна жол бербейм!..

Мен анда 18 жашта элем, мектепти бүткөндөн кийин үй-бүлөлүк шартым болбой чоң окуу жайга окубай калдым. Айылда бойдок кыздар ата-энесинин үйүндө көпкө жүрбөйт. Бир күнү оюмда эч нерсе жок, эки чаканы колума алып, сууга бара жаткам, бир убакта машиненин үнү угулду. Артымды карагыча, машинеге эки бүктөп салышканда ала качып баратканын түшүндүм. Үйүнө кирбей чыр кылдым, ага болбой жоон билек балдар көтөрүп кирип, жулмалап көйнөк кийгизип, башыма жоолук салышты. Кайра кетүү уят, мага күйөө болчу баланы мурда тааныбасам да олтуруп калдым. Айылда күнүмдүк турмуш менен алышмай, келиндик жашоо башталды. Күйөөмдүн бир тууган эки иниси бар экен. Бирөөсү менден бир жаш улуу. Кайнилерим менен жакшы тил табышып кеттим. Жумуш кылсак бирге кылабыз. Алар мага жардам беришет, ойнойбуз. Арадан үч жыл өттү. Эки баланын ата-энеси болдук. Бир күнү күйөөм экөөбүз бөлүнүп, шаарга өзүнчө үй салып жашоону туура көрдүк. Ага кайнатам макул болбой жүрүп араң көндү. Борборго көчүп келдик. Шаардын тиричилиги башталды. Таңдан кечке жумушта жүрүп балдарыңа да көңүл бурбайсың. Жолдошум күнү-түнү иштейт. Айтор бизди багуунун айласын көрүп жүрөт. Биз менен чогуу студент кайним жашайт. Анын мага жардам бергени, жылмайганы, жылуу сүйлөгөнү мени арбап баратты. Күндөн-күнгө ага болгон сый урматым арта баштады. Ал да мага кайдыгер эмес экенин кылган мамилесинен байкалып турду. Ошентип күнүбүз улана берди. Башта айтып өткөндөй эле жолдошум таңдан-кечке жумушта.

Адамдын табияты ушундай жаралган экен. Күйөөмдөн жылуулук ала албай аны башка бирөөдөн издей баштадым. Чынын айтсам кайним менен кантип ысык мамилеге өтүп кеткенимди байкабай калдым. Түн экөөбүз үчүндөй туюлчу эле. Ошентип биздин күндөр өтө берди. Бир күнү айылдан кайынсиңдим келди. Ал келгени кысынып анын тезирээк эле кетип калышын тилеп жүрдүк. Кайним менен болгон мамилени билгизбөөнүн аркетин кылып жүрдүм. Аялзаты кандай айтканыбыз менен сезимтал келет экен. Бир күнү кайынсиңдим байкеси менен кыналыша турганымды көрүп калды. Ал ошол эле күнү мени ачык сүйлөшүүгө чакырды. Башында мени болушунча тилдеп, апасына, агасына татыксыз экенимди айтып бетимди жер каратты. Мен актанган жокмун, себеби күнөөмдү сезип турдум. Ал ачуумду басып алып айылга кетем, апама барып болгон чындыкты айтам. Байкемди тез аранын ичинде үйлөнтөбүз дегенде жүрөгүм сыгылды. Мен чындыкты апасына айткандан коркпой, кайнимди жоготуп алуудан, анын башка бирөөнүн коюнунда жатканын элестетип кызганып бараттым. Бир канча убакыттан бери дендароо абалдамын. Чындыкты кайын журтума өзүм айтып, балдарымды жетелеп чыгып кетсемби же болуп жаткан окуяларды кабыл алып жашоомду улантсамбы? Суранам урушпай туура багыт бергилечи мага.

Булак: Nazar News.kg

Последние новости