www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул окуя кечээ жакында эле болуп өттү. Бишкектеги мурунку Фрунзе заводунун ичинде ижарага алышкан бир фирмада кароолчу болуп иштеп жаткам. Мурун союз мезгилинде завод дүкүлдөп иштеп турганда ичи толтура эл, машиналар, ар кандай техника көп болуп турчу эле, азыр болсо ал жакта кишилер да, техника да аз. Завод өзүнүн жашоосун токтотуп, ичиндеги техника жабдыктары акырындап жоголуп отуруп ичи ээнсиреп калды. Короо ичине кирсең өзүң адашып кетишиң да мүмкүн. Узун-туурасынан кеткен көчө сыяктуу эки кабаттуу имараттарда эч ким жок. Кийинки мезгилдерде гана анын ичиндеги имараттарды бай кишилер, фирмалар, ар кандай ишмерлер сатып алышып ар түрдүү бизнес иштерин ачышып иштетип жатышат. Мен заводдун так эле ортосунда бир фирмада көзөмөлдөн өткөрүү пунктунда иштейм. Будкадан анча алыс эмес жерде бийик дубал бар, анын ары жагын да кандайдыр бир эки кабаттуу имарат бар. Имараттын үстү жактары бардыгы мага кадимкидей көрүнүп турат. Мен терезенин айнегинен анын үстүндөгү шыйпырда кыдыракей конуп турган көгүчкөндөрдү карап коюп отургам. Ошол шыйпырдын чет жагында сыртка чыгып турган узунунан кеткен темир, аны эмне максат менен ушундай кылып ширетип жасап коюшкандары белгисиз.

Так эле узунунан кеткен ошол темирге көгүчкөндөр кыдыракей тартып конуп алышат. Айтор, бирөөлөрү учуп кетсе башкалары келип дайыма ошол жер көгүчкөндөрдүн орду сыяктуу. Түшкү тамакты ичип терезеден ошол жакты карап коюп отургам. Бир кезде так эле ошол жерге буттарына узун жип байланган кара көгүчкөн учуп келип конду, каяктап жүрүп буттарына жип илээштирип алганы белгисиз. Бир аз конуп турган соң, кайрадан учайын десе алиги бутундагы жип алдындагы темирге оролуп калды окшойт. Ал канатын сермеп өйдө карай учууга аракет кылды эле жип коё бербей темирге илинип керилип-тартылып туруп калды. Жип да бир топ узун экен, көгүчкөн бир аз абага калкып көтөрүлүп барат дагы кайра артка тартылып кетет. Канчалык аракет кылса дагы темирге байланып калган жип аны коё бербей туруп калды. Ал темирге кайрылып келип конот да бир аздан кийин абага серпилет. Кайра конот, кайра абага серпилет. Ошентип жатып темирге жипти ого бетер чырмап алды. Эми таптакыр учканга мүмкүнчүлүк болбой калды. Атайылап бирөөлөр көтөрүлүп барып жипти чечпесе, ал андан бошонуп чыга алчудай эмес. Мен болсо дубалдын бери жагында аны атайылап карап башымды чайкап турдум. Арийне, эгер мүмкүнчүлүгүм болсо экинчи кабатка көтөрүлүп барып темирге оролгон жипти чечип байкуш көгүчкөндү эркиндикке чыгарат элем. Колумдан эч нерсе келбейт, анткени бөлөк короонун ичиндеги имаратта. Айтмакчы, кайсы гана фирма болбосун өзүнө сатып алган имаратты айланта дубал кылып, дарбаза орнотуп чочун кишилер киргис кылып курчап таштаган. Ошол имараттагы короонун ичинде кишилер барбы-жокпу белгисиз. Дарбазасы дайыма жабылуу, анан бек турат.

Ошо себептен мен бөлөк короого кирип бара албайм. Улам-улам көгүчкөндү карап коём, бир кезде анын канаттары эки жакка жайыла төмөн жакка салаңдап калды. "Болду анын иши бүткөн экен, байкуш көгүчкөн эми өлөт экен да ачкадан" деп ойлоп башымды чайкап аны аяп койдум. Чындыгында бирөөлөр жардам бербесе ал темирден бошонуп чыгууга эч мүмкүн эмес. Кечке чейин эки канаты эки жакка жайыла салаңдап илинип турду. Аны аянычтуу улам-улам карап коём, колумдан эч нерсе келбесин билип турдум. Башка короого киргенге болбойт, ууру аталасың, мыйзам алдында жооп берип калышың да мүмкүн, уруксатсыз башка короого киргендигиң үчүн. Балким, ал жакта кароолчулар же көзөмөл салуучу камералар дагы болушу мүмкүн. Ошентип бир түн өттү, алиги көгүчкөн салаңдаган боюнча турат. Бир кезде шыйпырдын үстү менен чоң кара мышык ага жакындап келди. Ал көгүчкөндү бир аз карап турду дагы жип байланып турган темирге чыгып, так ортосуна чейин дагы жакыныраак жылып барды. Анан төмөн жагын карады. Көгүчкөн мышыктын келгенин көрүп бир аз кыймылдап эч кайда учуп кете албасын, мышыктын да өзүнө жете албасын билип кайрадан былк этпей салаңдаган боюнча тура берди. Кара мышык эңкейип мойнун созуп көгүчкөнгө жакындоого аракет кылып көрдү, бирок мүмкүн эмес болчу. Бир аз аны карап турган соң, темирдин кыры менен басып шыйпырдын үстүнө чыгып кетип калды. Арадан бир канча саат убакыт өткөндөн кийин кайра кайрылып келди. Кайрадан мойнун созуп көгүчкөнгө жакындоого аракет кылды. Эки жагын каранып бир аз турду, анан күтүлбөгөн жерден жогору жактан түйүлүп келип асылып турган көгүчкөнгө секирди да, ага асылып калды эле жогору жактагы жип экөөнү көтөрө албай үзүлүп кетти. Төмөн жактагы экинчи шыйпырдын аралыгы анча деле алыс эмес болчу. Мышык менен көгүчкөн экөө тең төмөн карай кулашты.

Шыйпырга жакындаганда мышык көгүчкөндү коё берип өзү эки аягы менен төмөнкү шыйпырдын үстүнө туруп калды. Ушундай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып көгүчкөн канаттарын сермей асманга көтөрүлдү. Ал мышыктан бошонуп өйдө карай көтөрүлүп учуп баратканын көрүп ушунчалык кубанганымды айтпа. Мышык болсо шыйпырдын үстүндө былк этпей көпкө турду, анан акырын жыла басып шыйпырдын коңулуна кирип кетти. Анын максаты эмне эле түшүнүп болбойт, көгүчкөндү жеш керек беле же ага боору ооруп бошоткусу келдиби белгисиз. Артына узун жипти чубалткан көгүчкөн тээ жогору карай көтөрүлүп бизден алыстап бараткансыды. Аны айланышып ойкуш-кайкыш учуп башка көгүчкөндөр жүрүшөт. Ошентип чоң кара мышык чоң кара көгүчкөндүн өмүрүн өлүмдөн сактап калды. Эми тигил дагы бир жерге коном деп илинип калбаса экен деп ичимден аны аяп турдум. Тобо, тобо, эгерде мышык болбосо аны эч ким ал жерден бошото алмак эмес, көгүчкөн салаңдаган боюнча ошол жерде өлүп калмак.

Жээналы Нурбаев, Бишкек шаары

Булак: "Шамбала"

 

Последние новости