www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: Кулун ата касиети

Бизде жергебизде зыярат кылып жүргөн ыйык жерлер көп. Ал жерге барышып жараткан Алла Таалага сыйынышып, маркум болгондордун арбактарына куран окутуп келишет. Ошолордун ичинен Кара-Кулжада эл оозуна аңыз болуп, адамдар зыярат кылып, сыйынган ыйык жерлер бар. Алардын ичинен мен Кулун ата мазары жөнүндө баяндагым келет. Бул баянды мага чоң энем айтып берген. Чогуу окуган классташым Султандын туулган күнү болуп үйүнө чакырган. Апамдан кайра-кайра суранып жатсам, энем "Ал кимдин баласы?" деп сурап калды. "Кудайбергеновчу, Таалай байкенин баласы да" деп калдым. "Аа, баягы Шакендин чебереси тура. Барса барып келсин. Аларды касиеттүү Кулун атанын арбагы колдогон". Бул жөнүндө мурда да уккандай болгом. Улам суранып отуруп энемден төмөнкүлөрдү билдим. Анда Шакен жаш келин экен. Коңшу Буйгага турмушка чыккан кайын сиңдиси Айымдын кызын жентектеп барып калышат, эки-үч келин менен. Жаңы төрөлгөн кичинекей кызыл эт ымыркайды карап отуруп Шакен "Ий кичинекей эле Айым. Бул эмне мынча сапсары ыя, эжигей го, эжигей" деп ичи эзилип жатты. Жеңесинин "сары" дегенине териге түшкөн Айым: "Элге сары болсо биз үчүн айдай. Кана, ушул сарынын чычкагына жетпей жүргөндөр канча экен. Элди сары деп сындабай өзүлөрү ушундай "сарылуу" болуп алышсын. "Мышык майга жетпей сасык" дегени ушул да!" - деп дагы бир топ сөздөрдү быдырай айтып жиберди. Дээринен уу тилдүү кайын сиңдисинин бул сөзү ансыз деле эзилип жүргөн Шакендин жүрөгүн тилип-тилип жибергенсиди.

Ушул үйдүн босогосун аттаганына беш жыл болду. Анда он алтыда эле мына жыйырмадан өткөн. Бирок ыңаалаган бала үнүн угалбай, уу тилдүү кайнененин, абысындардын алдында тили кыска болуп, өзүнөн өзү корунуп, кийинки күндөрү дайыма жылуу мамиле кылган күйөөсү да өзгөрө баштаган. Баарыныкы бир тең, күйөөсүнүкү бир тең болуп көкүрөгү зилдүү жүргөн келин ошол Буйгадан ыйлап чыккан боюнча үйүнө барбай касиеттүү Кулун ата мазарын көздөй жөнөдү. Бул ыйык мазарга турмуштан кыйналгандар, балалуу болбой, же баласы токтобой зарлагандар барышчу. Түш оой жолго чыккан Шакен тоо этектеп жүрүп отуруп Буйганын белине чыкканда күн балбылдай уясына батып бараткан. Дирилдеп ыйлап бараткан келин муну байкабады, Кудайдан жардам сурап жолун уланта берди. Күүгүм кирип, бара-бара түн коюуланып кетти. Күүгүм талаш бир борчуктап айлана бергенде Шакенди кичинекей ак коён ээрчип алды. Күйүгүп кеткен келин отура калса, окчунураак жерде чокчоюп күтүп калат, басса кошо жөнөйт. "Оо Кудай, мени пендем десең жардам бере көр. Куубаш атка кондурба!" Жанындагы коёнду да байкабады, артына кылчайбай көз жашын көкүрөгүнө куюлтуп кете берди. Балким, ушул ак коён буга дем болсун дегендир Жараткан. Бутун тарта албай араң дегенде касиеттүү Кулун ата мазарына жетип жыгылды. Алыста чыгыш жак агара баштаган. "Оо Кудай, касиетиңден айланайын, Кулун ата, жаңылган, жазганым болсо кечире көр! Ушул азабыңдан мени куткар! Ыңаалаган перзенттин үнүнө зармын..." келин жер боортоктоп буркурап боздоп ыйлап жатты.

Кулун атанын касиетиненби, же чарчаганынанбы солуктап атып кандай уктап кеткенин сезбей калды. Түшүндө пайгамбар жашындагы, жүзүнөн нуру төгүлгөн жылдыздуу, чокчо сакал адам Шакенге бата берип жатыптыр. "Арыз муңуңду уктум. Жараткан сага үч бала ыйгарды, биринин аты Кудайберген, экинчиси Райымберди, үчүнчүсү Кенжебек болот. Өмүрүң узун, жолуң шыдыр болсун, оомийин! Эми эртерээк үйүңө жет. Сени издеп жаман убара болуп жатышат". Чоочуп ойгонгон Шакен дагы Кудайга жалынып, жалбарып үйүн көздөй жол алды. Чын эле конокко аны менен чогуу барган келиндер Шакендин кетип калганын айтып барышып, заары көзүнө чыккан күйөөсү эмне кылаарын билбей кайсактап жүргөн. Баары бир жүрөгү чыдабай издеп чыгып күүгүм талаш ыйлаганга, бут тартканга алы келбей калган Шакенди таап келди. Көргөн түшү жөн эмес экен, жыл айланбай балканактай уулдуу болушту. "Жанагы балаң, ошол Шакендин чебереси тура. Мен да көрүп калдым аны. "Кулун атанын касиети тийген келин" дешчү аны карыса деле. Ошондуктан, кызым, кийин чоңойгондо да Кулун ата мазарына сыйынып, тооп кылып жүр. Ал сени түрдүү кыйынчылыктан, жамандыктан сактайт" дечү. Чоң энемдин бул сөзү дале эсимде. Ушулардын бардыгына жакшылык жасап жаткан Жаратканыбызга биринчи кезекте тобо кылышыбыз керек.

Зарина Калманбетова, Кара-Кулжа району

Булак: “Шамбала”

Последние новости