www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын аэропортунан кулаган Украиналык учактын бортундагы жүргүнчүлөрдүн баары мерт болду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Маалыматка караганда, азыркы учурда Украинанын Ирандагы элчилиги каза болгондордун аты-жөнүн тактап жатат. Ирандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги учактын кыйрашынан адамдардын аман калуу мүмкүнчүлүгү жок экенин кабарлаган болчу. Учурда куткаруучулар учактан чыккан өрттү өчүрүүдө.
Boeing 737-800 үлгүсүндөгү аба кемеси Тегеран — Киев багыты боюнча учуп чыгып, эки мүнөттөн кийин радардан жоголуп кеткен.
رئیس سازمان امداد و نجات جمعیت هلال احمر درباره #سقوط_هواپیمای_اوکراینی: بعید میدانم کسی در این حادثه زنده مانده باشد. خوشبختانه به منازل مسکونی خسارتی وارد نشده است. pic.twitter.com/FSdTXNsfZB
— هلال احمر ایران (@Iranian_RCS) January 8, 2020
"PS752 каттамындагы учак Тегерандан 8-январда саат 2:42де (Бишкек убактысы боюнча 8:42) абага көтөрүлгөн. Соңку маалымат саат 2:44тө алынган", — деп
Flightradar Twitter аккаунтуна жарыяланган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, бортто 180 жүргүнчү баратканы айтылган. Кийинчерээк Ирандын Авиация министрлигинин өкүлү Жаафар-Заде учакта 167 адам болгонун РИА Новостиге кабарлаган.
Булак: NazarNews.kg