www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу мекендештер!

Быйылкы жыл Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин юбилейлик - 75 жылдыгы. Бизде согушка катышкан саналуу эле аталар, апалар калды. Бул ардагерлерибизди көзү тирүүсүндө сыйлап, барктап алышыбыз керек. Президент же өкмөт тарабынан иш тобу же комиссия түзүлүп, бул иш-чарага даярдык көрүш керек эле. Жеке эле борбор шаарыбыз Бишкекте эле эмес, аймактарда дагы уюштуруу иштери башталышы керек.

Бул дүйнөлүк маанидеги маселеге Россиянын президенти В.В. Путин эмгектенип, өткөн жылдын соңунда КМШ мамлекеттеринин президенттерин Санкт- Петербургга чакырып, архивдик материалдарды көтөрүп, даярдык көрүүдө. 4 ай убактыбыз калыптыр, жакшы даярдансак болот эле. Ардагерлердин канчасы калыптыр, канчасы өтүп кетти. Алардын тизмесин массалык маалымат каражаттардан чыгарып, мектеп, окуу жайларда окуучу, студенттер менен жолугушуу уюштуруп, китептерин чыгарып, эстеликтерди калыбына келтирип, согушка арналган атайын фильмдерди көргөзүп, даңазалап-даңктоо керек. Бул маселелерге Кыргыз Өкмөтүнөн баштап айылдардагы жергиликтүү бийлик тарабынан жана мектептерде дагы жогорку деңгээлде иш-чаралар даярдалып өткөрүлсө жакшы болоор эле.

Урматым менен Кубанычбек Исабеков.

Последние новости