www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-январда Тегерандын аэропортунда Украинага таандык Боинг 737 учагы кулап түшкөн. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча,  учактын бортундагы жүргүнчүлөрдүн баары мерт болду.

Украина учагынын кулоо себеби аталды. Тегеран эл аралык аэропортунун официалдуу өкүлүнүн айтымында кырсык кыймылдаткыч күйүп кеткендиктен улам келип чыккан. 

“Украинанын учагы бүгүн эртең менен Тегеран-Киев каттамына чыгып, кыймылдаткыч күйүп кеткендиктен, техникалык бузулуулардан улам аэропорттон алыс эмес жерде кулаган”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек,  учактын жүргүнчүлөрүнүн көпчүлүгү Иран Ислам Республикасынын жарандары болушкан. 

Эске салсак, Иранда Украинага таандык 167 жүргүнчүсү бар учак кулап түшкөн.   Айрым маалыматтарга караганда, учак Тегерандын Имам Хомейни атындагы Эл аралык аэропортунан көтөрүлгөндө “техникалык мүчүлүштүктөн” улам кулаган. Бортто 167 жүргүнчү болгондугу айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости