www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: Мүрзөдөн тирилген аял

Жыпаркүл ооруп кыйналып жатканда эмнегедир жаман ой башына келип туруп алды. Анан эмнегедир үч кызын бир топко кыя албай жатты. Бирок өзү башка жакка кете турганын сезип, эч кимге эч нерсе айта албады. Аңгыча эле көзү караңгылашып, башы тегеренип бара жатканын бир билет, калганы элес-булас эсинде калгансыды.

Башында кудум эле түш көрүп жаткансып бир башкача элестерди көрө баштады. Ооба, үйүндө күйөөсү анан кыздары болуп тасмал четинде олтурган болот. Аз өтпөй эле жаңы гана тамакка караганы жатышканда, сырттан жалгыз көздүү, дөөдөй болгон жанында эки жан жөөкөрү бар, көзгө бир башкача көрүнгөн неме кирип келип эле жулкулдатып колунан тартып жетелеп кыйкырганына карабай сыртка сүйрөп жөнөмөй болушат. Жыпаркүл канчалык бакырып, алардын колунан кутулуп кетүүнүн амалын кылганы менен эч күчү жетпей алардын жетеги менен үйдөн чыгышканда эле батыш тарапты көздөй алып жөнөштү. Ошондо да курган эне “кыздарымдын көргөн күнү эмне болот?” деп кыйкырып алды. Тигилер укмак турсун, көңүл дагы бурушпай өз иштери менен алек. Оо, бир оокумада чоң бир шар аккан суунун боюна келип, эс алганы олтурушту. Ал чоң шаркырап аккан суунун түндүк батыш жагы аска-зоо, бийик тоо менен курчалганы дароо көзгө байкалды.

Чыгыш тарабы көк майсаң, карагандан тажабаган жапжашыл көктөм, кудум килем төшөлгөн сымал көзгө укмуш кооз көрүнгөн жер экен. Алма бактардын шагы ийилип, кыпкызыл болгон алмалар көзгө бир укмуш көрүнөт. Мындай жерди өмүрүндө көрбөгөн Жыпаркүлдүн көзү тойбой туш-тарапты  суктануу менен карап жатты.

Алма бактардын шагы ийилип, кыпкызыл болгон алмалар көзгө укмуш жакшы көрүнүп азгырат десең.

Айткандай ал көз жоосун алган кооз алма бактарды аралап ак кийимчен кишилер серүүндөп басып жүрүшөт. Алар анда-санда ар кайсы бактан жемиш үзүп жеп, кыймылдары абдан жай. Деле шашкан киши жок, баары бир нерсеге көңүлдөрү ток, оокат менен иши жок каалгып басып жүргөндөрү Жыпаркүлдүн көңүлүн өзүнө бурду.

Ушуларды көрүп эле башка дүйнөгө келип калганын сезди. Анткени дароо эле байкалды, айлана-чөйрөнүн өзгөчөлүгүнөн. Аңгыча эле тигилер келип колунан кармап бир узун ак тамдын жанына жетелеп келишти да анан бир нерсени айткандай болушту. Бирок алардын айткан сөздөрүн түшүнгөн деле жок, кыймыл аракеттеринен дароо билди “кезек күтүш керек” дегенди. Аңгыча эле алиги жалгыз көздүү неме бир башкача көз караш менен карап:

-Азыр сенин кезегиң келгенче тиги жактагы бактарды аралап, кааласаң эс ала бер. Баса, качам деп ойлобо, бул жерден эч ким кача албайт. Тегеректин баары суу анан жалама зоолор менен тосулган. Бул жакка келген киши бир гана Жаратуучунун өкүмү менен гана бул жактан чыгууга болот. Башка эч кимдин колунан келбейт. Балким сени күткөн адамдарың чыгып калат чыгар, жолуксаң болот -  деп айтты да өзү ичкери кирип кетти.

Эмнегедер көңүлү ачылып, баягы жан кыйнаган оорунун дайын дареги билинбейт десең. Андан дагы канча жерди кыдырып басса дагы курсагы деле ачкан жок. Тиги көзгө бир башкача көрүнгөн неме жанынан узап кетээри менен бир чоң жүктү бирөө мойнунан алып салгансып жеңилдеп, кабагы да ачылып өзүн эркин сезип кетти.

Көз кубана турган сулуулук тартуулагандай сөз менен жеткире айта албагандай кооз гүлзарды аралап басып келе жатып чоң көпүрөнү көзү чалды да, суунун наркы өйүзүнө өтөйүн деген ойдо көпүрөнүн жанына келсе, тээ мындан канча жыл илгери өлүп калган иттери жанына пайда болду да, жан алдары калбай ээрчип алышты. Аларды көргөндө өзүн баштагыдан дагы эркин сезип, ээрчип алган иттерин сылап эркелеткен болду.

Көпүрө эми бир ойго келбегендей кооз салынганын дароо байкады. Укмуш кооз гүлдөр көпүрөнүн темирине оролуп өсүп, жыты тим эле каңылжарды жарат. Кооздукка кызыгып жатып чоң аккан суунун наркы өйүзүнө кантип өтүп кеткенин билбей да калды.

Бул жак тиги өйүзгө караганда абдан кооз экен. Алма, өрүк, жүзүмдөрдүн шагы ийилип, шилекейди агызат десең. Бир кезде Жыпаркүл алма үзүп жейин деп колун созгондо ээрчип алган иттеринин арасынан Акжолтой деген ити үрүп, алма бакка жакын жолотпой койду. Азга ой жүгүртүп, эки жакты карап туруп калды да анан итинин бул кылыгынан бир нерсени сезип эми мөмөлөргө жакын жолобой акырын басып кыдырып жүрүп көп нерсеге күбө болду. Ак кийимчен көп адамдар сейилдеп жүрүшөт. Кээлери үй-бүлөөлөрү менен кыдырып жүрсө, кээлери жалгыз, экиден-үчтөн кыдыргандар да бар. Бирок ар кандай жаш курактардагы адамдар. Алардын сүйлөшкөндөрү деле билинбейт. Анткен менен барынын кабактары ачык, жүрөктөрү тынч, эч нерсеге капа болбогондой абалда көрүндү.

Канча жерди кыдырып басты, канча кишилерди көрдү бирок, өзүнүн бир дагы таанышын жолуктура алган жок. Ал турсун кайсы убак болгонуна деле маани бербеди. Гүлзар ичи кооздугу менен эле адам баласынын кабагын ачат десең. Бул жакка келген киши болгон көйгөйүн эсинен чыгарып, кооздукка арбалып каларын да байкады.

Аңгыча эле алдынан биринчи тийген күйөөсү, кызы Айнагүлдүн каза болуп калган атасы Ысмайыл бет маңдайынан чыга калып:

-Сен эмнеге келдиң бул жакка, азыр сенин келчү кезиң келе элек эмес беле? Айткандай сенин кыздарың али чоңоё элек да. Сен аларды чоңойтуп, алардын жакшылыгын, сый-урматын көрүшүң керек болучу да -деп, өзүнчө эле күйүп-бышып, бир нерсеге ачуулангандай кабагы бүркөлө да түштү. Эмнеге антти ага түшүнбөй да калды. Аз убакыт өтпөй колундагы төрт кызыл алманы сунуп:

-Ме, буларды жеп ал!- деп буйрук бергенсип айтты эле алмаларды карап туруп:

-Жок, мага алманын кереги жок, албайм!-деп кесе айтканда:

-Жебесең анда кыздарга алып барып берчи!-деп сураныч менен караганда Жыпаркүл каршы экенин билгизип:

-Жок, мен бул жактын алмасын албайм дагы, жебейм дагы!-деп так кесе жооп берген болду. Тиги биринчи күйөөсү Ысмайыл күлө карап, жагымдуу жылмайып:

-Туура кыласың, албаганың жакшы болду- деп бир ооз айтты да, дароо көз ачып жумганча кайып болуп ал жерден жок болуп кетти. Эмне болуп кеткенине Жыпаркүлдүн акылы жетпей аң-таң болуп эле эки жакты элеңдеп туруп калды. Бирок болуп өткөн окуя эмнегедир эсинен тез эле чыгып кетти да, кайра бак аралап басып туш-тарапка көз агытып алаксып, кооздукка суктанып жүрүп бир топ жерге келип калганын билбей да калды. Адам баласы эмне болгон күндө дагы кооздукка азгырылары турган иш экенин ким тана алат. Ошол себептен адамдын көзү эч нерсеге тойбойт да. Кооздукка жана сулуулукка азыгырылбаган жан барбы. Эх, жашоодогу эң бир керемет нерсе бул адам кызыккан кооздук менен сулуулук эмеспи. Бак аралап, жол четиндеги миң түркүн гүлдөрдөн көзүн албай келе жатып Жыпаркүл канча жерди кыдырып басканын элес албады.

Дагы канча жерге барат эле, анткени улам нарылап баскан сайын кооздук өзүнүн чөлкөмүнө азгырып кирип бара жаткан болучу. Бир кезде баягы жалгыз көздүү неме кайдан-жайдан пайда боло калды да, ал алыстан эле кыйкырды:

-Бол бери бас, сени издеп жүрбөйбүзбү?-деп, жанындагы эки жан жөөкөр болуп тез эле жакын келип ай-буйга койбой жетелеп баягы узун ак тамдын жанына алып келишти. Анан эч сөзгө келбей:

-Сенин азыр кезегиң келди, бул жакка киресиң!-деп, күч менен айтып, жол көрсөтүп алдыга салып алышты.

Ичкери киргенде эле ушул жакта сурак болорун билип, дароо ойлонду “Бул жактын соту адилетүү болсо керек” деп.  Мага бул жак жакты, бирок кыздарымдын көргөн күнү эмне болот?-деп ойлогонго да үлгүрдү да, “эми мени суракка алышат, мындан ары кандай күндү көрөт болдум экен?” деген санаа башына үйүлө түштү. Артынан тигилер жан алдары калбай “бол - бол, кечигип калабыз” деп демиктирип түртүп бара жатышты.

Айткандай бул тамдын ичи абдан жагымдуу кудум жыты жакшы атыр куюлгандай укмуш сонун жыттанарын дароо мурду сезип, жагымдуу жытты жан алы калбай искеп жыттаганга да жетишип жиберди. Ооба, барынан дагы жерге төшөлгөн кыпкызыл килемден баскандан бут жазганат. Анын жумшактыгы, тазалагы, кооздугу эми бир укмуш. Баягы кооз килем менен басып келе жатып төр жакта кыдыракей олтурган тогуз ак сакал кишини көргөндө сүрдөгөндөн көзү тунарып, буттары чалыштап баса албай калды. Ал турсун тиги кишилердин карааны эле бир укмуш сүрдүү анан бир башкача көрүндү. Ооба, алардын алдында эч ким актана да албачудай сезилди. Күнөөсү бар киши эч сөз айттырбай дароо эле күнөөсүн моюнга алчудай. Ушунчалык аз убакыттын ичинде ушунун баарын ойлогонго жетишип, кантип алардын алдына жакын келип калганын да билбей калды. Аңгыча эле артынан түртүп келгендердин бири:

-Жакын бар-деп акырын түртүп койду. Жыпаркүл дагы эки кадамдай алдыга басып барып сөз күтүп туруп калды. Аз өтпөй сурак башталды. Ортодогу узун, ак сакалдуу киши суроо берди:

- Атаңдын атын анан өзүңдүн атыңды айт?-деп айтты. Алгачкы суроо ушинтип башталды. Жыпаркүл акырын башын көтөрүп, суроо берген кишиге тигиле карап, үнүн жай чыгарып жооп берди:

-Менин атым Жыпаркүл, атамдын аты Сапый, жашым отуз беште - дегенде тиги укпай калган кишидей:

-Кандай дедиң?!-деп күч менен сурады эле курган келин эми коркуп кетип, баштагы айткан сөзүн кайра кайталаганда алиги карыя артында турган үчөөнү бир карап, жанында турган келинди бир карап алып, олтурган ордунан тура калды да анан ачуулуу үн катты:

-Сен ар дайым чала иш кыласың?! Алып келээрде жакшылап карап, тактап, бышыктап алып анан алып кел!-деп мен сага канча айтам. Ичээр суусу түгөнө элек, көрөр күнү бүтө элек бир пендени алып келген турбайсыңбы?!- деп катуу каарыды да, анан алдында турган Жыпаркүлгө карап:

-Эми кызым, сен бизге туура түшүн. Жаңылыштык кетип калды. Сенин иче турган сууң, көрө турган күнүң али көп. Жалган сыноо жашоодо дагы көпкө жашайсың. Бирок келгениң дагы жакшы болуптур. Келдиң, эми чындыкты билип кайра кет. Сенин тагдырың абдан кыйчалыштап калган экен. Ооба, сен кичине кезиңде ата-энеңден жетим калыптырсың. Ар кимдин колунда кыйналып өсүптүрсүң. Атаң менен энең койгон ысымыңды өчүрүп, багып алгандар өздөрү билип ат коюп алышкан тура. Бул дагы билинбегени менен чоң күнөө болорун пенде да биле беришпесе керек. Баса, алар өз кызыкчылыктарын ойлошту, болбосо сени эчак агаң издеп таап алат беле.

Айткандай сенин өзүңдүн ысмың Ботокан. Атаңдын аты Султанбек. Апаңдын ысмы Разия, байкеңдин аты Калыбай. Оң бутунун тизесинде калы болгон үчүн ысмын Калыбай деп коюшкан. Анын баары бул жакта жазылуу. “Кантип билип жатат” деп таң калып жатсаң керек. Баса  туулган жериң Таластын Шекер деген айылынан болот. Агаң сени азыр дагы издеп, үмүт менен күтүп жүрөт. Сени издеп келип шаардагы жетим балдардын үйүнөн сураштырып таппай кеткени да бизге белгилүү. Сен кат жазып агаң менен байланыш.

Айткандай балким чындык көмүскөдө калбасын -  деп, сени билип алсын үчүн бул жакка жиберген чыгар. Бул жагына туура маани бер-деп, жагымдуу карады. Тиги карыянын бул көз карашы ушунчалык жакшы маанай тартуулап кабагын ачып койду.

Бир кезде карыя тиги жалгыз көздүүнү карап:

-Бул келинди кандай алып келсеңер, так ошондой кайра жеткизкиле. Булардын ылдый жагында жашаган башка Сыдыгалы кызы Жыпаркүлдү алып келгиле деп айтпадым беле. Сен дайыма эле жаңылышып жүрөсүң – деп, жалгыз көздүү азирейилди жемелеп алып: - Тиги келинди убакыт өткөрүп  алып келгиле - деп катуу зекип карады да, Жыпаркүлгө карап:

-Агаң менен байланышканды эсиңден чыгарба. Султанбек кызы Ботокан экениңди билип жүр. Агаңдын ысмы Калыбай, оң тизесинде ылдый жагында калы бар, ошондон таанысаң болот! - деп айтканда тигилер Жыпаркүлдү жетелеп сурак бөлмөдөн чыгып кетишти.  Анткен менен өзүн ушунчалык жеңил сезип, кабагы да ачыла түштү.

Бирок эмне болуп кеткенине акылы жетпей турду. Анткени дароо мурдуна топурактын жыты келип, кобур-собур үндөр кулагына даана угулуп, эми такыр башка дүйнөгө келгенин дароо сезди. Анткен менен  эмнеге караңгы жерде ак чүпөрөккө оронуп жатканына акылы жетпей кыйкырып, андан соң  тыбырап жиберди. Бирок бул аракетинен эч майнап чыккан жок. Аңгыча жылтыраган эле бир кичине жарык көрүнүп турганын көрүп “мен кайдамын”деп аң-таң болуп жаткан кезде  өйдө жактан опур-топур болуп жатканын угуп бул жолу үнүн баштагыдан катуу чыгарып кыйкырып жиберди. Анткени жарык уламдан-улам кичирейип, жаткан жерин караңгылык каптап бара жаткан болучу. Казанактын ичинен чыккан үндү уккан элдер туш-тарапка качып, ызы-чуу боло түштү. Анан акыл токтотуп, тыңшап калганда бирөө акырын ылдый болуп тизилген кирпичтерди кайра ала баштады. Кирпичтер алынган сайын жарыктын нуру кенен берилип, Жыпаркүл жаткан ордунан туруп олтуруп калганга жетишти. Ушул жерден дароо эле билди, өлүп, көргө көмүп жаткандарын. Акыл токтотуп, кирпичтерди алып жаткан кишиге жай үн катты, ал дагы чочубайсын деген ойдо:

-Менин кийимдеримди алдыргыла - деп. Бирок башка сөз сүйлөй албай койду. Кирпичтер толук алынып болгондо ачык турган казанактын жанында аксакал адам жалгыз турганын көрүп, дароо эмне болуп өткөнүнө ой жүгүртүп, аксакалга карап:

-Мени бул жакка эмнеге алып келдиңер? - деген болду эле аксакал киши акырын үн катты:

-Сабыр кыла тур, азыр мен -  деп, бери жакты карап топо салганы келген элге кайрылды:

-Ой, эл журт чочубагыла, бул да Жараткандын буйругу -деп элди тынчтандырып алып, анан:

-Жыпаркүл катуу уктап калган турбайбы-деп айтты да анан жардап эмне сөз угабыз дегенсип күтүп турган элге  жай сөз менен түшүндүрүп айтып берди. Акыры сөзүнүн аягына чыгып эңкейип бозду чече баштады. Бул кезде убакыт чоң шашке болуп күн төбөдөн тийип, айлана мемиреп тынч эле.

Укканын жазган Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости