www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ар бир адам өзүнүн жашоосунда сырдуу окуяга жок дегенде бир ирет кабылат окшойт. Мен өзүмдүн басып өткөн жолума сереп салып, жакшы менен жаманды жышаналаган моюнумдагы калымды эстедим. Ал калдын чыгышы мындайча башталган. Мектепти аяктаарыма саналуу күндөр калган. Жогорку окуу жайдан окутууга ата - энемдин чөнтөгү жука эле. Ага карабай, борбор калаага келип, ЖОЖдун бирине тапшырып көрүүнү чечтим. Жараткан колдоп, өтүп кеттим. Ата - энемдин, бир туугандарымдын сүйүнгөнүн айтпаңыз. Атүгүл, баскан - турганымды да өзүм камсыз кылайын деп, сабактан кийин кафелердин биринде ашпозчунун жардамчысы болуп кирип алгам. Жипке тизилген шурудай болуп, күндөр айга, айлар жылга алмашып өтүп жатты. Адаттагыдай эле эртең менен сабакка даярданып жаткам.

Күзгүнүн алдына келип, чачымды тарап жатып, моюнумдагы калды биринчи ирет көрдүм. Эч кандай деле маани берген эмесмин. Бир күнү эле апам сиңдим Жазелдин ооруп жатканын кабарлады.

Айылдан жакшы болбой, шаарга алып келди. Дароо ооруканага жаткыздык. Алка - шалка тер кетип, бүк түшүп, ичин мыкчып, өңү бопбоз болуп эле жатып калчу. Дабагерлер ашказанындагы кеселин аныктап, операция жасашты. Эки ай дегенде гана ооруканадан жакшы болуп чыкты. Апам менен сиңдимдин айылга кеткенине үч күн болгон. Чачымды тарап жатып, калым эсиме түшүп карасам жок. Өзүм таң калдым.

Үч айдан кийин калым кайрадан пайда болгонун байкадым. Эртеси агам классташы Рустам менен Москвага кетип жатканын айтып калды. Кудайга жалынып, аман - эсен барып келүүсүн тилендим. Бир айдан кийин агам "мерседес" үлгүсүндөгү унааны айдап келди. Агам менен бирге айылга бардым. Айылдаштар колунда чычкак улагы жок туруп, бул машинаны кайдан алышты деп көз артышпай коюшкан жок. Эл ар кандай сөз чыгара бергенинен айылдагы үйүбүздү сатып, Сокулуктан там алдык.

Бир жылдан бери калым пайда боло элек болчу. Көп өтпөй курсташым ала качып кетти. Ошондон эле апама телефон чалып:

-Апа, мен турмушка чыкканга даяр эмесмин. Мени алып кетиңиз.

-Кой, кызым, акылсыздык кылба. Аттаган босогону таштабайт. Каргышка калсаң жаман болот. Андан көрө, ак жоолугун салынып, тагдырга баш ий, - деп көнбөдү.

Апамдын айтканын эки кылбай, эл караган бетин жер каратпайын деп, ак жоолугун салынып, таш түшкөн жеринде оор болуп отуруп калдым.

Бирок, менин келгениме бир ай боло электе кайнатам көз жумду. Чындыгында жаман болдум. Жолдошум түшүнүктүү болгону менен өзүмдү кара жолтой сезип, кыйналып да кеттим. Акыркы сапарга узаткандан кийин калым дагы жок болуп кетти. Кошуналар ар кандай кептерди чыгарып жүрүштү. Жараткан менин бактыма түшүнүктүү адамдарды туш кылганы үчүн бул абалдан чыктым. Анын үстүнө боюмда да бар эле.

Көп өтпөй уулдуу болуп, атын Калыбек деп койдук. Учурда көңүлүмө жаккан жумушумда иштеп, үч уулду тарбиялап келебиз. Арадан төрт жыл өтсө да, калым пайда боло элек. Бирок, уулум Калыбекке ооп кеттиби деп кээде ойлогондо бир чочуп алам.

Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ

 

Последние новости