www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Организмдин картаюусу – качып кутулууга мүмкүн болбогон процесс. Ошондой болсо да убакытка караганда жашоо образыбыз, зыяндуу адаттарыбыз биздин карылыгыбызга көбүрөөк салым кошот.

Тез картаюунун негизги себептеринин бири – зыяндуу тамак-аш. Алардын айрымдары сырткы көрүнүшүбүзгө таасир этсе, айрымдары ички органдардын картаюу процессин тездетет. Ал азыктар кайсылар?

УГЛЕВОДДОР

Торт, булочка сыяктуу таттуу азыктар, газдалган суусундуктар жана ун азыктары углеводдуу азыктар болуп эсептелинет. Алар кандагы шекердин деңгээлин өтө эле көтөрүп жиберет. Организмдеги мындай өзгөрүү бетке бырыштын эрте түшүшүн шарттайт. Шекер коллагенди – теринин серпилгичтиги менен сыйдаалыгына жооп берүүчү белокту бузат. Андыктан бат картайбайын десеңиз, канчалык оор болбосун таттуу азыктардан баш тартыңыз. Айрыкча негизги тамактан кийин десерт катары жеген таттуу азыктарыңыз зат алмашуу процессин бузат.

АЛКОГОЛЬ

Алкоголь жалпы организмди кыйратарын түшүнүү татаал эмес. Маалынан эрте түшкөн бырыштар, коллагендин жоголушу, шишик, ички органдардын, айрыкча боордун оорусу сыяктуу белгилер аны түшүнүү үчүн жетиштүү. Булардан сырткары спирт ичимдиктери организмдеги А витамининин да деңгээлин түшүрөт.

ФРУКТОЗА

Фруктозаны адатта шекердин ордуна колдонуп жүрүшөт. Бирок ал дагы организмге шекерден кем эмес зыян келтирет. Тактап айтканда, кандагы инсулиндин деңгээлин кескин көтөрөт, коллагенди бузат, боорго жана башка ички органдарга чогулат. Андыктан таттуу мөмө-жемиштерди чени менен жеп, күндүн экинчи жарымында болсо таптакыр эле баш тарткан жакшы.

ФАСТФУД

Тез даярдалуучу тамактар ашыкча салмак кошкондугу менен эле зыяндуу эмес, организмдин ишин бузгандыгы менен да зыяндуу. Трансмайлар менен шекер кан тамырлардын жолун бууп коёт, теринин түсүн өзгөртүп, сизди жашыңыздан улуу, оорукчандай кылып көрсөтөт. Кайра

ИШТЕТИЛГЕН ЭТ

Колбаса, сосиска жана башка кайра иштетилген эттен жасалган азыктар бизди маалынан эрте картаюуга аргасыз кылат. Биринчиден, алардын курамындагы сульфиттер жана башка кошулмалар теринин сезгенүүсүнө алып келет. Экинчиден, бул азыктардын курамында өтө көп туз болот, андан улам тери кызарып жагымсыз көрүнөт.

ТАТТУУ СУУСУНДУКТАР

Таттуу газдалган суусундуктарды көп колдонуу организмге тамеки тартуу сыяктуу эле чоң зыян алып келет. Күн сайын бир бөтөлкөдөн “Кока-кола” же ушул сыяктуу башка суусундук ичүү менен өмүрүңүздү кыскарткан болосуз. ТУЗ жана ТУЗДУУ азыктар Ашыкча натрий терини кызартып, жагымсыз кылып көрсөтөт. Окумуштуулар туз клеткалардын картайышын тездетерин, жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу коркунучун жогорулатарын аныкташкан.

КОФЕ

Кофе организмди картайтуучу азыктардын эң кеңири таралганы. Аз өлчөмдөгү кофеин дагы заара кубалоочу каражат катары таасир этип, организмди суусуздандырат. Ал болсо өз кезегинде териге жана ички органдарга кедергисин тийгизет. 

Булак: Леди.kg

 

Последние новости