www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Болуп өткөн чыр-чатакка Кыргызстан нааразы болуп Тажикстанга нотасын жөнөтсө Тажикстан да жөн калбай Кыргызстанга нааразылык нотасын жөнөттү. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 17-сентябрда Кыргыз Республикасынын Тажикстандагы иштериндеги ишенимдүү өкүлү эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон чатакты талкуулаш үчүн чакырылганын билдирди. Эки тараптын маалыматына караганда, чатактын натыйжасында төрт чек арачы, анын ичинде Кыргызстандын бир, Тажикстандын үч чек арачысы курман болгон. Эки тарап жоопкерчиликти бири-бирине жүктөдү.

Жолугушууда тажик тарап кыргыз тараптын аракеттерине нааразылыгын билдирип, «такталбаган чек ара тилкесинде объектилерди сала баштады» деп айыптаган. «Кыргыз тарап окуя болгон жерге 250-300 аскер алып келип, алар Тажикстандын Бахор айылынын тынч тургундарына каршы курал колдонгон» деп айтылат расмий Дүйшөмбүнүн билдирүүсүндө.

Тажик тышкы саясат мекемеси кыргыз тарапка нааразылык нотасын тапшырды. Мурда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да Тажикстандын Бишкектеги элчиси С.Олимзоданы чакыртып алып, ага өз дооматтарын билдирип, нааразылык нотасын тапшырган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости