www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азиз Батукаевдин иши боюнча сопук караштыруулар аяктап, 30-августка карата сексенге жакын күбөлөр да суралып бүткөн. Эми айыпталуучуларды жана алардын жактоочуларын соттук материалдар менен тааныштырып, өкүм чыгаруу гана калган. Бул максатта 2-3-сентябрга АША баштаган айыпталуучулардын адвокаттары чакыртылса, жүйөлүү себептерсиз алар келишпеди. Ошол күнү адвокаттар Сергей Слесаревге, Замир Жоошевге 5-сентябрга чакыртылгандары жөнүндө билдирмелер тапшырылган. Алар 5-сентябрда келишкени менен соттук материалдарды 1-2 сааттан карашып, анан ар шылтоолорду айтып кетип калышкан. Мына ушинтип АША жана анын адвокаттары материалдар менен таанышууну атайылап создуктуруп, соттук процессти үзгүлтүккө учуратып жаткандыгына байланыштуу сот аларды 6-сентябрдан 11-сентябрга чейин милдеттүү түрдө материалдар менен таанышып чыгуу жөнүндө чечим чыгарган. Бирок, ал да аткарылбады. Дагы деле алар соттук материалдар менен таанышып чыгыша элек.

Эгерде ыктыярларына койсо, алардын жыл аягына чейин деле таанышып чыгуулары күмөн. Ушундай эле тактиканы Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык иштер боюнча айыпталып жаткандар да колдонушууда. Сапар Исаковдун адвокаты "клиентинин ден-соолугу узак убакыт сапаттуу дарылоого муктаждыгына байланыштуу соттун чечимин кийинки белгисиз мөөнөткө калтыруу керек" деген мазмунда аппеляцияларды жазып, процессти создуктурууда. Ал мамлекетке гана зыян. Кийинки соттук иштерди колдоруна ала турган судьялар бир нече айлап мурдагы иштерин аягына чыгара алышпай, убакыттарын уттурушууда. Батукаевдин иши, Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланышкан коррупциялык көрүнүштөр боюнча айыпталып жатышкандар эмнеге эле соттук чечимдердин чыгуусунан коркушуп, ачыктан ачык качып жатышат? Же алар ар кандай шылтоолор менен чечимдерди создуктура беришсе, ал унутулуп же өзүнөн өзү жабылып калат деп жүрүшөбү?

Айрымдарда форс-мажордук кырдаал түзүлсө, ошондой болот деп ойлошу да мүмкүн, бирок баары антишкидей, алар өзгөчө аңкоолордон деле эмес. Бул арада айрым саясатчылардын "АШАны үй камагына чыгарыш керек" - деп талап коюп жаткандары да угулду. Мамлекетке жүздөгөн миллиондогон долларлык зыян келтирип, бир адамды өлтүрүп, төрт адамды жарадар кылып, кызмат адамдарын барымтага алгандыгы, мыйзамдык талаптарга таптакыр баш ийбегендиги үчүн айыпталып жаткан адамды "үй камагына чыгаруу керек" деп мыйзамдуулук жөнүндө таптакыр түшүнүгү жок, же жетиштүү түшүнүгү, билими болгон менен мыйзамдуулукту жетеленме сокур төө катарында эсептеген, нигилисттиги ашынып, уят-сыйыттан эбак ажыраган адам гана айтышы мүмкүн. Эгерде АША үй камагына чыгарыла турган болсо, абакта, камакта жаткандардын бардыгын ошол эле күнү бошотуш керек.

Анткени, алардын баары бириксе да мамлекетке АШАдай зыян келтиришкендигине күмөнүбүз бар. Алардын эсинен ушул жылдын июнь айынын аягынан баштап АШАнын ансыз деле өз ыктыяры менен үй камагында отургандыгы чыгып кетсе керек. Кой-Таштагы хан сарайынын туш тарабын таштар, бетон плиталар, кум толтурулган каптар менен коргондоп, кенен короосуна аялдардан, балдардан, чалдардан орустар айткандай, "живой шит" түзүп алып, өзү бункеринде снайпердж винтовкасы менен бекинип отурганды ыктыярдуу камак дебегенде эмне дешибиз керек?

Тилекке каршы, минтип чындык чыңдап аныкталарга жакын калганда АШАнын, анын айланасындагылардын ачыктан ачык кача баштоолору мурдатан келаткан адат.

Анткени, чындык аныкталса эле өздөрүнүн мыйзамдын кылтагына чыкпас болуп илинишерин билип турушат. АША сурактарга келбей жүрүп, азыркыдай абалга кептелип, акыбалын жеңилдетмек түгүл мурдагыдан да кыйла оорлотуп алды. Алардын деле мындай ыкмалар менен өздөрүнүн күнөөлөрүн жеңилдетүүлөрүнө ишенүү кыйын. Бул тууралуу "Майдан.kg" гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости