www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмгек жана социалдук өнүгүү министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын жол-жобосу эми жөнөкөйлөштүрүлдү. “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу, “Акчалай компенсациялар”, “ай сайын төлөнүүчү социалдык пособие”, иш менен камсыз кылуу жана жумуш издөө, кыска мөөнөттүү окутуу курстары тууралуу эми министрликтин сайтынан үйдө отуруп эле маалымат алсаӊыздар болот.
Буга чейин “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуу үчүн жарандар Райондун борборуна барып, кезек күтүп жана бир нече кыйынчылыктар менен маалымат алышчу. Азыр, “электрондук калькулятор” аркылуу эле үйүндө өзүнүн кирешесин санап, министрлик тарабынан берилүүчү жөлөк пулдун чегерилиши же чегерилбеши тууралуу убарагерчилиги жок, алдын-ала маалымат билсе болот.
Жарандардын муктаждыктарын жеӊилдетүү максатында министрлик ушундай шарт түзүп берди. Жогорудагы маалымат тууралуу 19-сентябрь, саат 10:00дө Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жыйындар залында атайын журналисттер жана коомчулук үчүн презентация болот. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жана активдүү жарандарды катышууга чакырабыз.
Байланыш телефону: 0312 (624499), 0312 (62 45 38)
Булак: NazarNews.kg