www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Американын вице-президенти Майк Пенс АКШ армиясын согуштук даярдыкка келтиргенин айтып чыкты. Бул тууралуу Reuters маалымдады.
Анда айтылгандай, Америка тарап Сауд Арабиядагы нефть объекттерине болгон чабуулдардан кийин ушул кадамга барган.
Ошондой эле Пенс АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео бул чабуулдарды талкуулоо үчүн Сауд Арабиясына кеткенин билдирди. Ал эми Трамп болсо мындан аркы кадамдарын ойлонуп жатат.
Эске салсак, Сауд Арабиянын чыгышында жайгашкан дүйнөдөгү эң ири саналган Абкайк жана Хурайс нефть иштетүүчү заводдорду өрт каптаган эле. Экөө тең мамлекеттик Saudi Aramco компанияларына тиешелүү.
Булак: "NazarNews.kg"